Орусия коронавируска каршы 1 млрд. доза вакцина чыгарат

Орусия 2021-жылы 1 млрд. доза Sputnik 5 вакцинасын чыгарууну пландоодо жана бул 500 млн. адамды эмдөөгө жетет.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия “Спутник-5” вакцинасы коронавируска каршы 95% натыйжалуу экендигин жарыялады. Белгилей кетсек, “Спутник-5” вакцинасынын баасы атаандаштарына караганда арзаныраак жана жеткиликтүү болмокчу.
Орусиянын RDIF компаниясы өз билдирүүсүндө мыкты фармацевтикалык компаниялар менен болгон келишимдерге шилтеме кылып, 2021-жылдан баштап, Орусия жыл сайын 500 млн. адамга жетиштүү вакциналарды чыгарууну көздөп жатат деп жазган.
Белгилей кетсек, бул вакцина адамдарга эки дозада берилгендиктен, келерки жылы өлкө бир млрд. доза Sputnik 5 өндүрөт деген тыянак чыгарса болот.
Компаниянын билдирүүсүндө эл аралык базарлар үчүн Sputnik-5тин ар бир дозасынын баасы 10 доллардан төмөн болору айтылган. Демек, бул вакцина окшош эффективдүүлүккө ээ болгон mRNA технологиясынын негизиндеги вакциналардан эки эсе арзан.
Ошондой эле билдирүүдө Bivan Tech (Pfizer менен биргеликте) жана Moderna тарабынан иштелип чыккан потенциалдуу вакциналар жөнүндө сөз болду. Акыркы апталарда бул вакциналарды иштеп чыгуучулар анын 95% эффективдүү экендигин жарыялашты. Маалыматтар боюнча, “Bivan Tech” компаниясынын “Covid -19” вакцинасынын ар бир дозасынын баасы 20 долларды түзөт.
Moderna компаниясынын башкы директору ошондой эле Covid 19 вакцинасынын ар бир дозасынын баасы 25-37 долларды түзөрүн жарыялады. 2021-жылга чейин Bievan Tech жана Pfizer компаниясы болжол менен 1,3 млрд. доза Covid 19 вакцинасы иштелип чыгарын аныкташты.
Ал эми Moderna компаниясы келерки жылы потенциалдуу вакцинанын 500 миллиондон 1 млрд. дозасына чейин чыгарабыз деп жатат.
Эске салсак, дүйнөдөгү биринчи коронавирустук вакцина Орусияда катталган.

Комментарий жиберүү