2019-жылы дүйнөдө 14 миңге жакын адам террорчулуктун курмандыгы болгон

Австралиянын Экономика жана дүйнө институтунун “Терроризмдин глобалдык индексинде” 2019-жылы дүйнөдө 14 миңге жакын адам террорчулуктун курмандыгы болгонун көрсөттү.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Аталган институттун маалыматы боюнча, 2019-жылы дүйнө жүзү боюнча болжол менен 14000 адам террорчулуктун курмандыгы болуп, өмүрүнөн айрылган, бул көрсөткүч акыркы беш жылда индекстин 59 пайызга төмөндөшүн көрсөтүп турат. Терроризмдин глобалдык индексинде террорчулуктун курмандыктарынын саны 2014-жылдын рекордунан бери беш жылда азайып, 2014-жылдан бери курман болгондордун саны 59%га азайып, 13 миң 826 адамге жеткен.

2019-жылы террорчулуктун курмандыктарынын 96%дан ашууну чыр-чатак болуп жаткан өлкөлөрдө болгон. 2019-жылы Нигерия жана Ооганстанда террорчулуктун курмандыктарынын саны эң көп болгон. Өткөн жылы дүйнөнүн 63 өлкөсүндө адам өмүрүн алган террордук актылар болгон. 2018-жылы болсо кандуу кол салуулар 72 мамлекетте болгон. Маалыматта айтылгандай, акыркы беш жылда ашынган оңчул терроризмдин коркунучу Түндүк Африка, Батыш Европа жана Океанияда көбөйгөн.

Комментарий жиберүү