Йемен: Душмандын агрессиясы токтобосо, биз Сауд Аравиясын бутага алабыз

Йемендик “Ансаруллах” Жогорку Саясий Кеңешинин мүчөсү, Сауд Аравиясынын йемендиктерге каршы агрессиясы улана берсе, аны бутага алаарын билдирди.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, “Ансаруллах” Жогорку Саясий Кеңешинин мүчөсү Мухаммад Али аль-Хути өз өлкөсү Сауд Аравиясынын кол салууларынан коргонууну улантып жатканын айтты.
“Йемен эли жеңилбейт жана аларга каршы агрессия канчалык көбөйсө, алардын каршылыгы да ошончолук жогорулайт”, -деди аль-Хути. Ал ошондой эле  бул согуштун себеби эки пландын ортосундагы атаандаштык болгонун айтты, алар; Йемен портторун бириктирген Кытай Жибек Жолу долбоору жана Египеттен Араб жарым аралына чейин созулган Сауд Аравиясынын Неом долбоору.
Йемендин расмий өкүлү Сауд Аравиясы акыркы алты жылдан бери Йемен элине каршы кутум уюштуруп, Сауд Аравиянын падышасы Салман бин Абдулазиздин АКШ президенти Дональд Трамп үчүн бөлүп койгон акчасын жумшап жаткандыгын айтты. Аль-Хути: “Сауд Аравиясы канчалык сионисттик режим менен мамилесин жөнгө салууну уланта берсе, ал өзүнүн кылмышын ошончолук тастыктайт”, – деди.
Анын айтымында, сионисттик режим менен мамилелерди нормалдаштыруу, Йеменди бомбалоо, курчоого алуу жана кызматкерлердин айлык акыларын азайтуу алардын кылмыштарынын бир бөлүгү болуп саналат.
Белгилей кетсек, Aramco чабуулу Сауд Аравиясын алдыда “кыйла татаал баскыч” күтүп тургандыгын көрсөттү.
Эске салсак, ушул аптада Йемен армиясы Сауд Аравиясынын Жидда шаарындагы Aramco мунайды кайра иштетүүчү заводуна “Кудс 2” ракетасын аткан.
Аль-Хути бул кол салуу Сауд Аравиянын Йемендеги агрессиясынын жана курчоосунун уланып жаткандыгына карата куралдуу күчтөрдүн Саудиянын аймагында терең масштабдуу операцияларды жүргүзүү убадасы катары жасалды деп билдирди.

Комментарий жиберүү