Кытай коронавирусту кантип ооздуктады?

Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Иран коронавирус менен күрөшүп жаткан мезгилде, ооругандардын жана көз жумгандардын саны күн санап өсүүдө. Вирус биринчи аныкталган Кытай коронавирусту кантип көзөмөлдөгөн?

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады.

Кытайда коронавирус эпидемиясынын биринчи учуру катталганына бир жылга жакындап калды. Бирок бул мамлекет эли менен бирге чараларды көрүп, коронавирусту жеңе алган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп, 1,4 миллиард калкы бар бул өлкө кадимки жашоо ыргагына кайтып келди.

Кытайдагы коронавирустун ооздукталышынын көрсөткүчтөрүнүн бири катары, бул өлкөдө 9 айдан ашуун убакыттан бери вирустан каза болгондордун саны нөлгө барабар деп айтууга болот. Ошондой эле бул өлкөдө акыркы 9 айдан бери коронавирус жуктуруунун жаны учурлары сырттан келгендерди эске албаганда, манжалап гана саналат. Ошондо дагы ал кыска убакыттын ичинде жана тез арада көзөмөлгө алынат. Кытай бийлиги коронавирустун жайылыш коркунучун, ал тургай, вирустун социалдык жана саясий терс кесепеттерин жакшы түшүнүп, алгачкы күндөрдөн баштап вируска каршы күрөшүү үчүн бүтүндөй күчүн жумшоого аракет кылды.

Мындан тышкары, бул өлкөдө ооруканалар курулуп, социалдык аралык сакталып, беткап кийүү режими жана гигиеналык эрежелер сакталып, шаарлар жана провинциялар анын ичинде 11 миллион калкы бар Ухань шаары жана 50 миллион калкы бар Хубэй провинциясы карантинге алынган. Үй карантини дагы Кытайдын бардык башка шаарларында жана провинцияларында киргизилген. Ошондой эле Ухань менен Хубэйге кирүүгө жана чыгууга тыюу салынган.

Кытайдын коронавирусту ооздуктоодо  ийгиликке жетишкен факторлордун бири бул өкмөттүн олуттуу мамилеси жана элдин колдоосу болду. Бул өлкөдө өтүнүч менен эмес, буйрук жана олуттуу мамиле менен карантинге байланыштуу бардык мыйзамдар, ошондой эле башка чектөөлөр киргизилип, мыйзам бузуучуларга катуу чара көрүлдү. Мисалы, оору жуктуруунун учурлары менен катар курмандыктардын саны эң аз болгон Пекин шаарынын көчөлөрүндө беткапсыз жүрүүгө тыюу салынган. Имараттардын кире беришинде, коомдук транспорттордо же турак жайларда, ал тургай соода комплекстеринин кире бериштеринде адамдардын дене табы өлчөнүп, эгер кимдир бирөөнүн дене табы 37,2 градустан жогору көрсөтүлсө, шектүү дароо тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Мындан тышкары, Кытайга кирген жүргүнчүлөр – кытайлык болобу же чет өлкөлүк болобу – аэропортко кирүүгө тыюу салынган, жүргүнчүлөр дезинфекцияланган жашыл канал аркылуу аэропорттун аймагындагы  медициналык борборго жеткирилип, дене табы текшерилген соң, ПЦР тест тапшырышат. Анализдердин жыйынтыгы эртеси күнү аныкталгандыгына байланыштуу, жүргүнчү тез жардам кызматын колдонуп, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактап 15 күндүк карантинден өтүү үчүн мейманканага же үйүнө жеткирилген. Карантин учурунда шектүүгө үйдөн чыгууга таптакыр тыюу салынып, кире бериш эшиктин алдына датчик коюлуп, ал эшик ачылаары менен коңгуроо кагылып, мейманкананын жетекчилигине токтоосуз маалымдалган.

Кытайдын коронавирусту көзөмөлдөө жаатындагы ийгилигинин дагы бир фактору бейтаптарды автоматтык түрдө көзөмөлдөө жана алардын башкалар менен байланышын көзөмөлдөө болгон. Мисалы, кытайлык аял 14 күндүк карантин аяктай электе үйүнөн чыгып кеткенде, саламаттыкты сактоо кызматкерлери полиция кызматкерлери жана аялдын өзү менен биргеликте кызматташып, ооруга шектүү аял менен бир нече жолу байланышта болгон 77 адамды аныктай алышкан. Кытай коронавирусту ооздуктоо үчүн  ошондой эле коронавируска тестти ири масштабда жүргүздү. Пекин шаарында ушул жылдын июнь айында коронавирус кайрадан пайда болгондо, шаар чоң дүрбөлөңгө түшүп, 26 күндүн ичинде 11 миллионго жакын адам башкача айтканда борбор калаанын жарымы коронавируска тест тапшырган. Көпчүлүк учурларда Кытайда коронавируска тест тапшыруу акысыз болгондугу өлкөнүн борбордук өкмөтү кабыл алган эң маанилүү чаралардын бири болгон. Башка көптөгөн өлкөлөрдө вируска тест тапшыруу акылуу болуп, борбордук бийлик буга каражат бөлгөн эмес, ошондуктан анализдер аз жүргүзүлүп, вирустун адамдар арасында тез жайылышына алып келген.

Кытайдын коронавирусту көзөмөлдөө жаатындагы ийгилигинин дагы бир фактору анын онлайн жана санарип тутумдарына өтүшү болду. Ооруканага баруунун ордуна, адамдар дарыгерлер менен онлайн режиминде байланышкан. Дарыгерлер бейтаптардын үйлөрүнө өздөрү барып же онлайн түрүндө көрүп, дары-дармектерди жазып беришкен. Бул өлкөдө адамдардын бардыгы уюлдук телефону аркылуу көзөмөлдөнүп турду. Айрым батыш өлкөлөрү муну жеке адам укуктарын бузуу деп эсептесе дагы, Кытайдын борбордук бийлиги муну бардык бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн гана жасаган.

Бул иш-чаралардан тышкары, өкмөт карантин учурунда элге кеңири жардам көрсөттү, аларды азык-түлүк менен камсыз кылды. Бул чаралар Кытай өкмөтүнө коронавирустун биринчи жана экинчи толкундарын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берди.

Комментарий жиберүү