Түркиянын Коргоо министри: Франция, Тоолуу Карабак көйгөйүнүн бир бөлүгү болду

Түркиянын Коргоо министри Франциянын Сенатында Тоолуу Карабак республикасын түзүүгө чакырган резолюциянын кабыл алынышына реакция жасады.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобунун билдиргенине караганда,Түркиянын Коргоо министри Халуси Акар Франция Тоолуу Карабак көйгөйүнүн чечилиши эмес, кайра анын бир бөлүгү болгонун айтты.
Белгилей кетсек, Тоолуу Карабакты Франциянын Сенатында “Республика” катары таануу резолюциясынын кабыл алынышын айыптады.
“Бул резолюция дагы бир жолу Франция Тоолуу Карабактагы көйгөйдүн бир бөлүгү экендигин жана эч убакта аны чечүү жолу эмес экендигин көрсөттү”,- деди Халуси Акар.
Эске салсак, 25-ноябрда Франциянын Сенаты Франциянын өкмөтүн талаштуу Тоолуу Карабак аймагын көзкарандысыз республика катары таанууга чакырган резолюция кабыл алган. Бирок, буга чейин ондогон жылдар бою Азербайжан жана Армения Республикалары ортосунда талаш болуп келген Тоолуу Карабак аймагын бир дагы өлкө көз карандысыз республика деп тааныган эмес.

Комментарий жиберүү