БУУ: Израиль оккупациясынын кесепетинен Газа 16,7 млрд. доллар жоготту

БУУ Газанын Израилдин оккупациясынан жоготууларын эсептеп чыкты.

Islam Today агенттигинин маалыматына ылайык, 2007-2018-жылдар аралыгында Израилдин Газа тилкесин басып алуусунун жалпы экономикалык чыгымы 16,7 миллиард долларды түзгөн.
Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан түзүлгөн “Израилдик оккупациянын Палестина эли үчүн экономикалык чыгымдары: Газа тилкесинин жабылышы жана чектелиши”,- деген докладында айтылат. “Узакка созулган жабылуу жана аскердик операциялар Газанын аймактык экономикасын кыйроонун босогосуна алып келди”,- деп айтылат докладда.
БУУнун эксперттеринин айтымында, Газада жумушсуздуктун деңгээли 15% га жетиши мүмкүн эле, бирок аймактардын жабылышы жана аскердик операциялардан улам, бул көрсөткүчтүн рекорддук деңгээлде 56%ды түзгөндүгүнө алып келди.
Белгилей кетсек, Газа тилкесинде жумушсуздуктун деңгээли дүйнөдө эң жогору жана калктын жарымынан көбү жакырчылыкта жашайт.
Тургундар жашоо тиричилигине эң зарыл болгон таза суу, канализация тутумдары жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушкан эмес.

Комментарий жиберүү