Москва дүйнөдөгү эң мыкты туристтик шаар деп тандалды

Орусиянын борбору туристтер үчүн эң мыкты туристтик шаар деп табылды.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Москва шаары экинчи жыл катары менен “туристтик багыттар боюнча эң мыкты шаар” катары World Travel Awards сыйлыгына ээ болгонун шаар мэри Сергей Собянин в Контакте социалдык тармагынан жарыялады.

Ал белгилегендей, Москвага эксперттер гана эмес, жөнөкөй туристтер дагы добуш беришти. Собяниндин айтымында, туризм тармагын өнүктүрүүнүн бардык пландары эпидемиялык кырдаал мүмкүндүк берери менен ишке ашырылат. “Чек аралар ачылганда биз конокторду дагы бир жолу таң калтырабыз деп ишенем. Бул тармакта жаңы өсүш болот – баардыгы саякаттоону жана жакшы таасирлерди сагынышты”, – деп кошумчалады шаар мэри.

Комментарий жиберүү