Нетаньяху эки жыл мурун Фахризаде тууралуу сүйлөгөн

Мохсен Фахризаде Нетаньяху бир программада ысымын атаган жалгыз илимпоз болгон.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Мохсен Фахризаде Ирандын илимий изилдөө жаатында таасирдүү жана жогорку даражалуу окумуштуу болгон. Ал Нетаньяху бир программада ысымын атаган жалгыз илимпоз. Израилдин ЖМКлары өткөн жылдары аны өлтүрүү планы бир жолу ишке ашпай калганын жазып чыгышкан. 2018-жылы Израилдин бир маалымат булагы Израилдин тышкы чалгындоо кызматы “Моссад” ирандын өзөктүк илимпозун өлтүрүүгө аракет кылганын, бирок анын иши оңунан чыкпай калганын кабарлаган.
Бул тууралуу “Walla News” веб-сайты маалымдады. Маалыматка ылайык, Моссаддын оперативдүү кызматкерлери буга чейин Тегерандын өзөктүк реакторун башкарган Мохсен Фахризаде Махабади аттуу ирандык өзөктүк илимпозду өлтүрүүгө аракет кылышкан. Моссаддын тышкы чалгындоо кызматынын кызматкерлери “Walla News” сайтына Фахризаде Моссаддын “өлтүрүү” тизмесинде экендигин билдирген.
Белгилей кетсек, 27-ноябрь күнү кечинде Ирандын Демавенд аймагында жарылуу жана ок атуу болуп, анда өлкөнүн өзөктүк окумуштуусу Мохсен Фахризаде өлтүрүлгөн.

Комментарий жиберүү