Иран ШКУга кайрылып, террорчуларды жазалоодо жардам берүүнү өтүндү

Аймакта коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча жамааттык аракеттер Шанхай уюмунун максаттарынын бири болуп саналат.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, Иран Ислам Республикасынын Кытайдагы элчиси Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысына жолдогон катында, шейит Мухсен Фахризадени өлтүргөн кылмышкерлерди аныктоодо, соттоодо жана жазалоодо көмөктөшүү үчүн уюмдун бардык дипломатиялык жана укуктук мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну суранды.
Белгилей кетсек, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин алдында Ирандын Кытайдагы элчиси Мухаммад Кешаварзаде ШКУнун башкы катчысы Владимир Норовго эң көрүнүктүү илимпоздордун биринин өлтүрүлүшүнө байланыштуу кат жолдогон.
Эл аралык коомчулуктун жымжырттыгын жана аракетсиздигин белгилеп, элчи мындай деп баса белгиледи: Бул кылмыш биринчи жолу болуп жаткан жок жана бул окуя Иран окумуштууларын жана элиталарын өлтүрүүдө айрым өкмөттөрдүн Иранга каршы жүргүзгөн мыйзамсыз жана душмандык саясатынын жана иш-аракеттеринин уландысы болуп саналат.
“Иран Ислам Республикасы байкоочу мүчө болгон Шанхай Кызматташтык Уюмунун негизги максаттарынын бири – Евразия чөлкөмүндө коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жана терроризмдин коркунучуна каршы туруу үчүн мүчө мамлекеттердин биргелешкен күч-аракеттерин жумшоо”, – деп айтылат катта.
Ирандын Кытайдагы элчиси мындай деп кошумчалады: “Азыр кээ бир регионалдык жана транс-регионалдык өлкөлөр ар кандай кылмыштарды жасоо менен Батыш Азиядагы чыңалууну жана коркунучтуу авантюраларды күчөтүүгө аракет кылууда. Буга карата Шанхай Кызматташтык Уюму акыркы террордук акцияны өзүнүн дараметине жараша айыпташы керек. ШКУ Эл аралык уюм катары, карамагында турган дипломатиялык жана юридикалык органдар бул кылмыштуу иш-аракеттердин күнөөкөрлөрүн, кылмышкерлерин жана өкмөттүк жана өкмөттүк эмес тарапкерлерин аныктоого жана жоопко тартууга жана келечекте анын кайталанышына жол бербөөгө көмөктөшүүсүн суранабыз.”
Эске салсак, ШКУнун 19-жыйыны 30-ноябрда Нью-Дели шаарында өтөт.

Комментарий жиберүү