Кытайдын расмий гезити Фахризаденин өлтүрүлүшүн “ырайымсыз” деп мүнөздөдү

Кытайдын расмий гезитинин редактору Ирандын коргонуу жана ядролук илимпозунун өлтүрүлүшүн «ырайымсыз» деп, катуу сындады.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобу билдиргендей, Кытайдын Global Times гезитинин башкы редактору Ху Шицзинь Ирандын коргонуу жана ядролук илимпоз Мохсен Фахризаденин өлтүрүлүшүн айыптады.
“Батыш өлкөлөрү бул жапайы жана уятсыз иш-аракеттерге унчукпай отурушат», – деп жазган Шицзинь окуя боюнча.
“Эгерде АКШда же Улуу Британияда белгилүү окумуштуу өлтүрүлсө, анда коомдук айыптоонун цунамисин элестетип көрсөңүз болот»,- деп кошумчалады ал.
Бул гезитте мындай деп баса белгиленди: “Январь айында АКШнын куралдуу күчтөрү Ирактагы Ирандын Кудс күчтөрүнүн командири Касем Сулейманини өлтүрүшкөн. Азыр Фахризаде өлтүрүлдү жана Иран буга Израил жооп берет деп эсептейт.”
Кытайлык журналист сөзүн мындай деп улантты: “Дүйнөлүк террорчулукту улуттук ири кызыкчылыктарга жетүү үчүн колдонуу дооруна кайтып келишеби? Албетте, мындай артка кетүү жийиркеничтүү жана анда эч ким жеңишке жетпейт.”
Эске салсак, Коргоо министрлигинин Илимий жана инновациялык уюмунун башчысы шейит Мухсен Фахризадеге 28-ноябрда түштөн кийин, аны ташып бараткан унаага куралдуу террордук элементтер кол салып, өлтүрүшкөн.

Комментарий жиберүү