Москва Фахризаденин өлтүрүлүшүн кескин айыптады

Москва атайын билдирүү жасап, шейит Фахризаденин өлтүрүлүшүн кескин айыптады.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын өзөктүк жана коргонуу боюнча илимпозу Фахризаденин өлтүрүлүшүн кескин айыптады.
Белгилей кетсек, 30 – ноябрда Орусиянын ТИМи тараткан билдирүүдө мындай деп айтылган: “Бул операциянын максаты – аймакты дестабилдештирүү жана аймактык чыр-чатактардын чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.
“Биз бул террордук актынын чагымчыл мүнөзүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануубузду билдиребиз. Бул операцияга катышкан жана өзүнүн саясий кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн иштеген адам жооп бериши керек”,- деп кошумчаланат билдирүүдө.
Эскерте кетүүчү нерсе, Ирандын Коргоо жана Куралдуу Күчтөрдү колдоо министрлиги террордук операциянын жүрүшүндө министрдин орун басары, Коргоо Илимий-инновациялык уюмунун (Сепанд) башчысы Мухсен Фахризаденин өлтүрүлгөндүгүн тастыктады.
Азырынча шейит Мухсен Фахризаденин өлтүрүлүшү үчүн бир дагы адам же топ жооптуу боло элек болсо да, бул террордук акт АКШ менен Израилдин биргелешкен изилдөө борборунда даярдалган деген бир пикир бар.

Комментарий жиберүү