Дүнүйө акыреттин талаасы

Дүнүйө акыреттин талаасы

Суроо: Дүнүйө деген эмне? Жооп Өлүмдөн мурда болгон бардык нерсе дүнүйө деп аталат. Булардын өлүмдөн кийин пайдалуу болгондору дүнүйө эмес акыреттик болуп саналат. Анткени, дүнүйө акырет үчүн талаа. Акыретте пайдасы тийбей турган дүнүйөлүк нерселер өтө зыяндуу. Дүнүйө динге ылайык колдонула турган болсо гана акыретте пайдалуу болот. Дүнүйө лаззаттарына да, акырет ниматарына да жеткен болот. Жакшылык жана жамандык мал-дүнүйөдө эмес, мал-дүнүйөнү колдонгон адамда. Андай болсо жаман деп саналган дүнүйө Аллаху таала ыраазы болбогон, акырет үчүн пайдасыз жерлерде…

Прочитайте больше

Кытайдын космостук кемеси Айга конду

Кытайдын космостук кемеси Айга конду

Кытайдын космостук кемеси Айга конду “Чанъэ-5” аттуу космостук кеменин Айдын бетине ийгиликтүү конгондугу жарыяланды. Кытайдын үлгүлөрдү чогултуу үчүн жөнөткөн “Чанъэ-5” космостук кемеси Айга конду. Кытай маалымат агенттиги China News Service (CNS), “Чанъэ-5” аттуу космостук кемесинин Айдагы алдын ала белгиленген жерге ийгиликтүү конгонун жарыялады. Негизги милдети Айдын бетин казып 2 килограммдык үлгүсүн Жерге алып келүү болгон Чанъэ-5тин 4 модулу 24-ноябрда The Long Walk 5-Y ракетасы менен Винсандагы борбордон учурулган болчу. 2019-жылы Айдын караңгы тарабына “Чанъэ-4”  роботтук аппаратын кондурган…

Прочитайте больше

Кыргызстанда мектептер ачыла баштаганда коронавирус жуктурган окуучулар көбөйгөнү айтылды

Кыргызстанда мектептер ачыла баштаганда коронавирус жуктурган окуучулар көбөйгөнү айтылды

Ушул жуманын башында, Кыргызстандын Ош шаарында 1-класстын окуучулары кайрадан мектептерге барып, билим ала башташты. Алар өлкөдө парламенттик шайлоодон кийинки эпидемиологиялык абалдын начарлашынан кийин он-лайн окууга өтүшкөн болчу. Ошентип Ош шаарындагы 82 мектептеги 1-класстар салттуу окууну башташкан. Алдыда билим берүү мекемеси абалга жараша 5-9-жана 11-класстын окуучуларын этап менен чакыруу боюнча сунуштарды берилгенин шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аманова айткан. Бирок Кыргызстанда акыркы үч айдын ичинде мектеп курагындагы 683 бала коронавирус жуктуруп алганы тууралуу маалыматты Саламаттык…

Прочитайте больше

Шейит Фахризаденин өлтүрүлүшү жана Иран менен Израилдин ортосундагы тирешүү маселеси

Шейит Фахризаденин өлтүрүлүшү жана Иран менен Израилдин ортосундагы тирешүү маселеси

Жакынкы Чыгыш аймагындагы жана Иранга байланыштуу акыркы окуялар Иран менен сионисттик режимдин тирешүүсү жалпысынан кандай абалда деген суроону жаратты. Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, 27-ноябрда Ирандын өзөктүк илимпозу Шахид Мухсен Фахризаде террордолду, албетте, ал акыркы он жылда өлтүрүлгөн биринчи ирандык окумуштуу эмес. Ушул мезгил аралыгында 6 ирандык ядролук илимпоз өлтүрүлүп, алардын бири гана террордук актыдан кутулган.Бул өлтүрүүлөрдүн көпчүлүгүндө күнөө сионисттик режимге жүктөлгөн, албетте, алар муну Америка Кошмо Штаттарынын кызматташтыгы менен жасаганы белгилүү.Террордон кийин Батыш жана сионисттик…

Прочитайте больше

АКШда коронавирус учурунда дары-дармектин баалары кымбаттады

АКШда коронавирус учурунда дары-дармектин баалары кымбаттады

Вермонт шататынын сенатору Твиттердеги баракчасына коронавирус эпидемиясы учурунда көптөгөн дары-дармектердин баасы кымбаттап кеткенин жазды. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Вермонт штатынын сенатору Берни Сандерс Твиттерге АКШда коронавирус учурунда дары-дармектердин бааларынын кымбаттап жатканы боюнча жазды.«Эпидемия учурунда фармацевтика тармагы кеминде 245 дарынын баасын көтөрдү. Бул зулумдук кылуу. Конгресс фармацевтикалык компаниялардын ач көздүгүнө каршы турушу керек жана Америка жарандарынын дүйнө жүзү боюнча дары-дармекке кеткен чыгымдарынын жогору болушун токтотуусу зарыл”, – деп жазды Берни Сандерс.Учурда АКШ коронавируска чалдыккан 14 миллионго…

Прочитайте больше