АКШда коронавирус учурунда дары-дармектин баалары кымбаттады

Вермонт шататынын сенатору Твиттердеги баракчасына коронавирус эпидемиясы учурунда көптөгөн дары-дармектердин баасы кымбаттап кеткенин жазды.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Вермонт штатынын сенатору Берни Сандерс Твиттерге АКШда коронавирус учурунда дары-дармектердин бааларынын кымбаттап жатканы боюнча жазды.
«Эпидемия учурунда фармацевтика тармагы кеминде 245 дарынын баасын көтөрдү. Бул зулумдук кылуу. Конгресс фармацевтикалык компаниялардын ач көздүгүнө каршы турушу керек жана Америка жарандарынын дүйнө жүзү боюнча дары-дармекке кеткен чыгымдарынын жогору болушун токтотуусу зарыл”, – деп жазды Берни Сандерс.
Учурда АКШ коронавируска чалдыккан 14 миллионго жакын адам менен дүйнөдө биринчи орунда турат. Ошондой эле, АКШда корона вирусунан көз жумгандардын саны болжол менен 275 миңге жеттти жана дагы өсүүдө.
Дүйнө жүзүндө бул илдет менен ооругандардын саны 63 миллион 748 миңден ашты жана курмандыктардын саны 1 миллион 477 миңден ашты.

Комментарий жиберүү