Кыргызстанда мектептер ачыла баштаганда коронавирус жуктурган окуучулар көбөйгөнү айтылды

Ушул жуманын башында, Кыргызстандын Ош шаарында 1-класстын окуучулары кайрадан мектептерге барып, билим ала башташты.

Алар өлкөдө парламенттик шайлоодон кийинки эпидемиологиялык абалдын начарлашынан кийин он-лайн окууга өтүшкөн болчу.

Ошентип Ош шаарындагы 82 мектептеги 1-класстар салттуу окууну башташкан. Алдыда билим берүү мекемеси абалга жараша 5-9-жана 11-класстын окуучуларын этап менен чакыруу боюнча сунуштарды берилгенин шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аманова айткан.

Бирок Кыргызстанда акыркы үч айдын ичинде мектеп курагындагы 683 бала коронавирус жуктуруп алганы тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ага ылайык, сентябрда окуучулардын арасында COVID-19 жуктурган 48, октябрда 315 жана ноябрда 320 учур катталды.

Вируска чалдыккан балдардын саны боюнча Бишкек шаары алдыда, андан кийинки орундарда Чүй жана Ысык-Көл облустары жайгашкан. Окуучулардын арасында коронавирус Нарын облусунда эң аз катталган.

11-ноябрдан тартып өлкө аймактарындагы 1489 мектепте 1-6-9-11-класстар кадимки режимде окуй башташкан.

Комментарий жиберүү