Кытайдын космостук кемеси Айга конду

Кытайдын космостук кемеси Айга конду

“Чанъэ-5” аттуу космостук кеменин Айдын бетине ийгиликтүү конгондугу жарыяланды.

Кытайдын үлгүлөрдү чогултуу үчүн жөнөткөн “Чанъэ-5” космостук кемеси Айга конду.

Кытай маалымат агенттиги China News Service (CNS), “Чанъэ-5” аттуу космостук кемесинин Айдагы алдын ала белгиленген жерге ийгиликтүү конгонун жарыялады.

Негизги милдети Айдын бетин казып 2 килограммдык үлгүсүн Жерге алып келүү болгон Чанъэ-5тин 4 модулу 24-ноябрда The Long Walk 5-Y ракетасы менен Винсандагы борбордон учурулган болчу.

2019-жылы Айдын караңгы тарабына “Чанъэ-4”  роботтук аппаратын кондурган Кытай муну ишке ашыра алган биринчи өлкө болду.

Комментарий жиберүү