Шейит Фахризаденин өлтүрүлүшү жана Иран менен Израилдин ортосундагы тирешүү маселеси

Жакынкы Чыгыш аймагындагы жана Иранга байланыштуу акыркы окуялар Иран менен сионисттик режимдин тирешүүсү жалпысынан кандай абалда деген суроону жаратты.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, 27-ноябрда Ирандын өзөктүк илимпозу Шахид Мухсен Фахризаде террордолду, албетте, ал акыркы он жылда өлтүрүлгөн биринчи ирандык окумуштуу эмес. Ушул мезгил аралыгында 6 ирандык ядролук илимпоз өлтүрүлүп, алардын бири гана террордук актыдан кутулган.
Бул өлтүрүүлөрдүн көпчүлүгүндө күнөө сионисттик режимге жүктөлгөн, албетте, алар муну Америка Кошмо Штаттарынын кызматташтыгы менен жасаганы белгилүү.
Террордон кийин Батыш жана сионисттик маалымат каражаттары Иранга каршы кооптуу жана жеңилген атмосфера түзүүгө жана психологиялык операцияларга басым жасашты. Албетте, шейит Фахризаде сыяктуу көрүнүктүү илимпозду жоготуу чоң жоготуу экендиги талашсыз. Бул террорго биздин өлкө чечкиндүү жана так жооп бериши керек экендиги талашсыз. Ал эми азыркы жагдайда Ирандын сионисттик режим жана АКШ менен салгылашуусу жана тирешүүсү чындыгында кандай абалда?- деген суроо туулат.

Узакка созулган тирешүү

27-ноябрда болгон окуяга көз чаптыруу маселенин толук чагылдырбашы мүмкүн. Иран менен сионисттик режимдин ортосундагы кырдаалды түшүнүү үчүн тарыхка кайрылуу керек. Бул тирешүү ондогон жылдар мурун башталган. Палестина жерин басып алган сионисттик режим, Иранды Палестина маселесин жана Ислам дүйнөсүнүн эң маанилүү колдоочуларынын бири экенин жакшы билет. Сионисттик режим, жүздөгөн ядролук дүрмөттөрүнө ээ болуп, МАГАТЭ тарабынан көзөмөлдөнбөгөн аскерий өзөктүк программасына карабастан, Ирандын тынчтык өзөктүк программасынын өнүгүшүнөн абдан тынчсызданууда. Тель-Авив Ирандын тынчтык өзөктүк программасынын өнүгүшүн өзүнүн жашоосу үчүн өтө маанилүү коркунуч деп эсептейт, ошондуктан ал АКШнын Иранга карата тышкы саясатын өз кызыкчылыктарына ылайыкташтырууга аракет кылууда.

Жорж Буш жана Дональд Трамп баш болгон АКШнын ар кандай администрациясында жүргүзүлүп келген Ирандагы нөл пайыздык байытуу саясаты сионисттердин көз-карашына негизделген. Акыркы жылдары Ирандын өзөктүк программасынын өнүгүшү Тель-Авивдин жана АКШнын ушул саясатын туңгуюкка түрттү.
Ошондуктан сионисттер менен америкалыктар ирандык өзөктүк илимпоздорду жок кылууга, кибер согушту жана башка коопсуздук чараларын колдонууга аргасыз болушту.

Израилдин Иранга каршы террорчулукту колдонуу түшүнүгү

Батыш менен сионисттердин коопсуздук аракеттери алардын Иранга каршы санкциялар аркылуу каалаган максатына жете албагандыгын айгинеледи, андыктан алар өлкөнүн элиталарын четтетүү саясатына өтүштү. Бул эки режимдин биргелешкен “жок кылуу” саясаты алардын санкция киргизүү саясатынын жана кысымынын ишке ашпай калгандыгын моюнга алуусу болуп саналат. Ядролук илимпоздорду жоготуу Иран үчүн оор жана ордун толтургус жоготуу болсо дагы, бул илимпоздор менен ар кандай мезгилдерде болгон өлкөнүн пландаштыруу иши, бир нече кишини же ушул шейиттерди жок кылуу менен, биздин өлкөнүн өзөктүк тынчтык программасы токтотулуп же жайлатылып калбайт. Кайра бул алардын кесиптештеринин өз жолун улантууга болгон эрки менен чечкиндүүлүгүн эки эсе көбөйттү.
Киши өлтүрүү жана террордоо саясаты душман тараптын алдында дээрлик акыркы инстанция болуп саналат жана алардын бул аракети биздин өлкөгө тактикалык сокку болгонун көрө алабыз.
Иран стратегиялык жактан абалы жакшырган же жок дегенде өзөктүк мамлекетке айланышы үчүн күрөштө артыкчылыкка ээ. Бул согушта сионисттик режимдин жетишкендиги бир нече гана террордук актылар жана бир нече илимпоздорду жок кылуу болду, бирок өзөктүк программасынын өнүгүшү менен биздин өлкө стратегиялык жактан өзүнүн каршылашына катуу сокку урду.

Ирандын аймактагы таасирине каршы туруу пландарынын ишке ашпай калышы

Албетте, Иран менен сионисттик режим жана АКШнын тирешүүсү өзөктүк маселе менен эле чектелип калбайт. Акыркы он жылдыктарда Иран Ливандын Хезболла жана Палестинанын ХАМАС, Исламдык Жихады кыймылы сыяктуу агымдарды бекемдөө жана колдоо аркылуу Тель-Авивди муунтуп келет. Ошондой эле акыркы жылдардагы өнүгүүлөр Тегеранга узак мөөнөттүк пайда алып келди. Сириянын жана Ирактагы Ирандын катышуусу кеңейип, “Каршылык көрсөтүү фронту” деп аталып калган нерсе ушул күндөрү сионисттер менен америкалыктардын үшүн алууда. Буга кошумча Ирандын региондогу Йемен жана башка өлкөлөргө окшош таянычтары көбөйүүдө. Башкача айтканда, аймакта жаңы тартип түзүлүүсү кээ бир душмандарды чочулатып, чочутуп койду. Ал эми, сионисттердин же америкалыктардын коопсуздук чаралары жана куугунтуктоолору ушул тартипти жана Ирандын коалициясын бузууга багытталган.
Бүгүнкү күндө сионисттик режим Иран тарабынан курчоого алынгандыгын сезип турат. Өзөктүк жааттан тышкары, Иран дагы регионалдык чөйрөдө өзгөчө стратегиялык позицияны тапты, ошондуктан атаандаш тарап аймактык жана ракеталык маселелерди күн тартибине коюуну катуу талап кылууда. Алар Ирандын бул күчүн ичинен бошотуп, алсыз жакка айландырууга аракет кылышат. Ошентип, алардын ийгиликсиздиги аларды тактикалык коопсуздук чараларын колдонууга аргасыз кылды.

Иранга жана учурдагы реалдуулукка кысым көрсөтүү аракеттери

Өзөктүк келишимден чыгуу менен АКШдагы Трамптын администрациясы эки-үч айдан кийин Иран багынып, Вашингтондун колуна өтөт деп ойлогон. Сионисттер жана бир катар араб өлкөлөрү жүргүзгөн максималдуу кысым саясаты, америкалык аткаминерлердин айтымында, бүгүнкү күндө ийгиликсиз болду. Албетте, Вашингтон менен тыгыз байланышта болгон сионисттер максималдуу кысым көрсөтүү доорун алтын доор деп эсептешкен.
Айрымдар Шахид Фахризаденин өлтүрүлүшү менен сионисттер жана америкалыктар Тегеранды козутуп, Иран менен согуш ачууну көздөп жатышат деп эсептешет. Бирок бул согуш көптөн бери жүрүп келе жатат жана Иран “Коргонуу фронтун” колдоосун улантуу менен АКШнын аймагына мунай ташуучу кемелерди жөнөтүп, соода кылууда. Ошентсе да америкалыктар Иранга таандык танкерге каршы чара көрүүгө батынган жок.

Демилге кимдин колунда?

Жалпысынан, окуялардын бирдиктүү көз карашы Иран кысымдардан, санкциялардан жана коркутуулардан аман-эсен өткөндүгүн жана стратегия боюнча өзүнүн каршылашынан артык экендигин далилдеди.
Бирок кандай гана согуш болбосун чыгымдарды талап кылаарын көрсөтөт; Кеп каршылаш команданын сарптаганын дагы, жоготконунда да болууда. Чыгым кандай болду деген суроо туулушу мүмкүн, анын жообу сионисттик режим жана анын колдоочусу АКШ, Иранды өздөрү үчүн өтө маанилүү коркунуч деп эсептешинде камтылат.
Албетте, алардын түпкү максаты жүрүм-турумду өзгөртүү эмес, Иранды кулатуу жана бүлүндүрүү эле. Бирок алар өз максаттарына этап-этабы менен жетүүнү көздөп жатышат.
Ошондуктан Ирандын күчтүү болуп, жигердүү каршылык көрсөтүүдөн башка жолу жок. Бул жигердүүлүк Иранга көп жолу пайда алып келди. Батыш лидерлеринин Иран жана Америка Кошмо Штаттарынын президенттеринин жолугушууларына үндөгөн чакырыктары менен өтүнүчтөрү батыштыктар бийликтен башка эч нерсени сыйлабай тургандыгын айкын көрсөттү.
Шейит Фахризаденин өлтүрүлүшү чоң сокку болгонуна карабастан, Иранга анын ордун толтуруу үчүн зарыл деп эсептеген бардык иш-аракеттерди жасоого мүмкүнчүлүк берет. Андыктан сионисттик режим жана Америка Кошмо Штаттары дагы жаңы жоготууларды күтүүдөн башка чарасы жок.

Даярдаган К. Жаманкулова.

Комментарий жиберүү