Расулуллахтын үй-бүлөсү (Ахли бейт)

Расулуллахтын үй-бүлөсү (Ахли бейт)

“Тирмизи” хадис китебиндеги ушул маалыматтар сахаба Зейд бин Эркамдан алынган. Хадиси шарифте: “Силерге эки нерсени калтырамын. Аларга бекем кармансаңар, менден кийин туура жолдо каласыңар. Биринчиси экенчисинен артык. Ал – Аллахтын китеби. Экинчиси – ахли бейтим. Кыяматта Хавуз башында мага жеткенге чейин бул экөө бири-биринен айрылбайт”, – деп айтылган. “Бири-биринен айрылбайт” деген сөз – Курани каримди карманган адамдын ахли бейтти жакшы көрүүсү, урматтоосу керек дегенди билдирет. Ахли бейтти кармануу – аларды сүйүү дегенди билдирет. Бул – Курани каримге моюн…

Прочитайте больше

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 65 миллиондон ашты

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 65 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны токтоосуз өсүүдө. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Америка Кошмо Штаттарында жана Европа өлкөлөрүндө коронавирус менен ооругандар кескин көбөйүүдө жана бул илдетке чалдыккандардын саны дүйнө жүзү боюнча алтымыш беш миллиондон, ал эми илдеттин курмандыктарынын саны 1,5 миллиондон ашты.Worldometer веб-сайтынын маалыматына караганда, кечээ бейшемби күнү дүйнө жүзү боюнча COVID-19 илдети менен ооругандардын саны 65 015 013 адамга жетти. Илдеттен 45 098 162 адам айыкты.Коронавирус жайылган өлкөлөрдүн ичинде АКШ тизмеде биринчи орунда турат. Өлкөдө…

Прочитайте больше

АКШнын 80 уюму Вашингтондун Йемендеги согушту колдогондугун токтотууну талап кылды

АКШнын 80 уюму Вашингтондун Йемендеги согушту колдогондугун токтотууну талап кылды

АКШнын 80ден ашуун уюму жаңы президентти Йемендеги согушту колдоону токтотууга чакырган катка кол коюшту. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, 80ден ашуун америкалык уюмдар АКШнын жаңы президенти Жо Байденге жолдогон катында Вашингтондун Йемендеги согушка карата колдоосун токтотууга чакырышты.Катка кол койгондор Сауд Аравиясынын коалициялык согушунан улам келип чыккан Йемендеги гуманитардык катастрофага жана коронавирус эпидемиясынын кесепетинен Йемендин көйгөйлөрүнүн татаалдашуусуна токтолушту.“Коронавирус (эпидемиясы) чыга электе эле, Йемен планетабыздагы адамзаттын эң чоң апаатына туш болгон”,– деп айтылат катта. Америкалык активисттер Сауд Аравия-Эмираттык…

Прочитайте больше

Эрдоган: Фахризаденин өлтүрүлүшү аймактагы тынчтыкка кооптуулук алып келди

Эрдоган: Фахризаденин өлтүрүлүшү аймактагы тынчтыкка кооптуулук алып келди

Түркиянын президенти Иран президенти менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө Фахризаденин өлтүрүлүшүн айыптап, мындай аракеттер Батыш Азия чөлкөмүндө тынчтык үчүн кооптуу экендигин айтты. Fars News агенттигинин Эл аралык тобу билдиргендей, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ирандык кесиптеши Хасан Рухани менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө ирандык ядролук илимпоздун өлтүрүлүшүн айыптады.“Фахри Заденин өлтүрүлүшү аймактагы тынчтыкты бузду жана мындан ары аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту бузууну көздөгөн кылмыштуу партиялардын мүдөөлөрү ишке ашырылбайт деп ишенем”,- деди Эрдоган.Белгилей кетсек, телефондук сүйлөшүүдө эки тарап Иран…

Прочитайте больше

Азербайжан Республикасы Тоолуу Карабактагы жеңишинин расмий күнүн жарыялады

Азербайжан Республикасы Тоолуу Карабактагы жеңишинин расмий күнүн жарыялады

Азербайжандын улуттук календарында 10-ноябрь Жеңиш күнү катары катталды. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Азербайжан Республикасында 10-ноябрь өлкөнүн Тоолуу Карабак жаңжалында Арменияны жеңген күнү деп жарыяланды.Азербайжандын президенти Илхам Алиев мындан ары жыл сайын 10-ноябрда Бакудагы “Азади” аянтында өлкөнүн Арменияны жеңгендигине байланыштуу майрамдык иш-чаралар жана параддар өткөрүлөрүн билдирди.Белгилей кетсек, Илхам Алиев 27-сентябрды Азербайжан армиясынын Тоолуу Карабах аймагындагы армян күчтөрү тарабынан оккупацияланган аймактарда шейит кеткендерди эскерүү күнү деп атады.Эске салсак, Тоолуу Карабак аймагында ок атышууну толугу менен токтотуу жана…

Прочитайте больше

БУУда Израилге каршы 5 резолюция кабыл алынды

БУУда Израилге каршы 5 резолюция кабыл алынды

БУУнун Башкы Ассамблеясы шаршемби күнү кечинде Израилге каршы беш резолюция кабыл алды. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги кабарлады.Кабыл алынган резолюциялардын ичинде 9 гана каршы добуш берилген 1967-жылдан бери Израиль басып алып келе жаткан Голан аймагына байланыштуу резолюция бар.Ага ылайык, Израилден Сириянын Голан бийиктиктеринен 1967-жылдын июнь айында белгиленген чек арадан толугу менен чыгып кетүүсү талап кылынды.Жыйындын дагы бир резолюциясы “Палестина элинин талашсыз укуктарын ишке ашыруу комитети” болду, ал 91 макул, 17 каршы жана 54 калыс добушу менен кабыл…

Прочитайте больше

Орусиялык аткаминер ирандык окумуштуу Фахризаденин өлтүрүлүшүн мамлекеттик терроризм деп атады

Орусиялык аткаминер ирандык окумуштуу Фахризаденин өлтүрүлүшүн мамлекеттик терроризм деп атады

Орусиянын Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Константин Косачев Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали менен болгон жолугушуусунда ирандык окумуштуу Мохсен Фахризаденин өлтүрүлүшүн мамлекеттик терроризм деп атады. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Косачев Жалали менен болгон сүйлөшүүсүндө Ирандын өзөктүк илимпозу өлтүрүлгөндөн кийин начарлап кеткен аймактагы кырдаалды талкуулады. Косачев бул трагедиялуу окуяга байланыштуу Иран элине көңүл айтып, аны жогорку деңгээлде жана тыштан уюштурулган мамлекеттик терроризм деп мүнөздөдү. Ал Тегеран белгилүү физик Мохсен Фахризаденин өлтүрүлүшү боюнча тергөө иштерин…

Прочитайте больше

Кытай Түндүк Кореяга каршы санкциялардын алынышын талап кылды

Кытай Түндүк Кореяга каршы санкциялардын алынышын талап кылды

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү коронавируска байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешин айрым санкцияларды алып салууга чакырды. Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин АКШнын Пекин Түндүк Кореянын санкцияларын бузду деген айыптоосун четке какты.“Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү жана жооптуу держава катары Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын ар дайым олуттуу түрдө аткарып келген жана эл аралык милдеттенмелерин сактаган”, – деди Кытай ТИМнин өкүлү Сиэтл Таймс гезитинин маалымат жыйынында.“Азыркы шартта бардык тараптар…

Прочитайте больше

Байден: Мен Трампты президенттиктен четтетип, АКШны куткардым

Байден: Мен Трампты президенттиктен четтетип, АКШны куткардым

АКШнын президенттик шайлоодо жеңишке ээ болгон талапкери Трампты шайлоодо утуу менен өз өлкөсү үчүн жакшы иш кылганын айтты. Fars News агенттигинин Эл аралык тобу билдиргендей, АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден New York Times гезитине берген маегинде президенттик шайлоодо республикачы атаандашына каршы жеңишке жетишкенин жогору баалады.“Мен Дональд Трамптын дагы төрт жылга президенттикке калбай тургандыгын далилдеп, өлкө үчүн жакшы иш жасадым деп эсептейм”, – деди Байден.“Бирок кубанууга дагы эрте, алдыда көп жумуштар бар. Учурда мен жөн гана…

Прочитайте больше

ЮНИСЕФ: Өткөн жылы Нигерияда 22 миң бала СПИДге чалдыккан

ЮНИСЕФ: Өткөн жылы Нигерияда 22 миң бала СПИДге чалдыккан

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) өткөн жылы Нигерияда 22 миң бала СПИДге чалдыкканын билдирди. “Anadolu” агенттигинин маалыматына ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) “1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүү күнүнө” карата билдирүүсүндө өткөн жылы Нигерияда 14 жашка чейинки 22 миң бала СПИДге чалдыкканын маалымдады.Билдирүүгө ылайык, Нигерияда бүгүнкү күнгө чейин ВИЧ вирусу 150 миң баладан табылган. Өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча СПИДден 110 миң бала көз жумса, алардын 13 миңи нигериялыктар болгон.ЮНИСЕФ өз билдирүүсүндө Нигерияда балдарды…

Прочитайте больше