Дүйнөдөгү эң бай банкир каза болду

Бразилиянын эң бай адамы, 23 миллиард долларлык байлыгы бар дүйнөдөгү эң бай банкир 82 жаш курагында көз жумду.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, дүйнөнүн эң бай банкири жана Бразилиянын эң бай адамы Жозеф Сафра 82 жаш курагында көз жумду.
Ал төөлөр кербендерине инвестиция салгандыгы менен белгилүү болгон банкирлердин үй-бүлөсүнөн чыккан.
Белгилей кетсек, Жозеф Сафра “Safra National Bank of New York” банкына жана Швейцариянын “J.Safra Sarasin” банкына ээлик кылган.
Анын негизги активдерине банан өстүргөн алп компания, Чиквитанын 50% үлүшү жана көрүнүктүү Лондондогу асман тиреген Геркин аттуу мунарасы кирет.
2020-жылдагы тизмесинде Forbes журналы анын байлыгын 23,5 миллиард доллар деп баалап, дүйнөдөгү 39-бай адамга айланткан.
Жозеф Сафранын дүйнөдөн кайтышы менен “дүйнөдөгү эң бай адам” наамы 19,9 миллиард долларлык байлыгы менен Бразилиянын банк жана алкоголь өнөр жайынын алпы Жордж Паоло Лайманга берилет.

Комментарий жиберүү