Дүйнөдө коронавирус курмандыктарынын саны 1,6 миллиондон ашты

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 71 миллиондон ашып, 1,6 миллион киши көз жумду.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. 12-декабрга карата дүйнөдөгү СOVID-19 боюнча статистикалык маалыматка караганда, дүйнө жүзүндө вирус жуктуруп алгандардын саны 71 миллион 438 миң 206 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери азыркы тапка чейин дүйнөдө 1 миллион 601 миң 190 адам каза болуп, 49 миллион 638 миң 035 бейтап айыкты.

Вирус жуктургандардын саны боюнча алдынкы орунда АКШ турат. Ал жакта 16 миллион 295 миң 458 киши вируска чалдыккан. Экинчи орунду 9 миллион 827 миң 026 учур менен Индия ээлейт. Үчүнчү орунда Бразилия (6 миллион 836 миң 313), төртүнчү жана бешинчи орундарда Орусия (2 миллион 597 миң 711) жана Франция (2 миллион 351 миң 372) турат.

Комментарий жиберүү