Reuters: АКШ Мароккого 1 млрд. долларлык курал сатат

АКШ өкмөтү Конгресстин Мароккого 1 млрд. долларлык аскер куралын сатууну чечкенин маалымдады.

Mehr News агенттигинин Рейтерге шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, жакында сионисттик режим менен мамилеси жөнгө салынгандыгын жарыялаган Мароккого АКШнын өкмөтү 1 мрд. долларлык курал-жарак сатуу жөнүндө чечимин билдирди.
Белгилей кетсек, Трамптын администрациясы Мароккого 1 млрд. долларга бааланган дрондорду жана башка аскердик техникаларды сатуу чечими жөнүндө АКШ Конгрессине маалымдаган.
Ошол эле учурда, Марокко жакында сионисттик режим менен мамиле түзүп, дипломатиялык байланыштарын нормалдаштырганын жарыялады.
Бул тууралуу: “Бүгүн дагы бир тарыхый окуя болду”,- деп АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттерде жазган.
“Биздин эки улуу досубуз Израиль менен Марокко Падышачылыгы толук дипломатиялык мамилелер [орнотуу] жөнүндө макулдашышты – бул Жакынкы Чыгышта тынчтык үчүн чоң кадам!”, – деп кошумчалады ал. Марокконун сионисттик режим менен мамилелерди жөнгө салуу кадамы Палестина топторунун каршылыгына туш болуп, алар муну “Иерусалимге жана Палестина ишине чыккынчылык”,- деп аташты.

Комментарий жиберүү