АКШ өкмөтү күчөтүлгөн тартипте ишке кирди

АКШ өкмөтү киберчабуулдар жөнүндө тараган маалыматтардан кийин күчөтүлгөн режимде иш башташты.

Tasnim News эл аралык тобу билдиргендей, АКШ өкмөтү 13-декабрда АКШнын казынасын жана башка федералдык агенттикти бутага алган киберчабуул жөнүндө жарыяланган маалыматтан кийин, катуу даярдыкта тургандыгын билдирди.
ММКлардын билдиришинче, чет мамлекеттин колдогон хакерлери АКШнын Каржы министрлигинин маалыматтарын жана электрондук почталарын уурдап кетишкен.
Белгилей кетсек, Рейтер агенттиги билдиргендей, чет элдик өкмөт колдогон жогорку деңгээлдеги хакердик топ Каржы министрлиги менен АКШнын Интернет жана коммуникация саясатына жооптуу мекемесинин маалыматтарын уурдаган.
Бул жаңылык ачыкка чыккандан кийин, америкалык маалымат каражаттары бул хакердик аракет ушунчалык олуттуу болгонун, Ак үйдө Улуттук Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйыны өткөнүн жарыялашты.
Бул тууралуу Рейтер агенттигинин кабарчысы өзүнүн Твиттердеги аккаунтуна мындай деп жазган: Бул окуя Трамптын администрациясы Ички коопсуздук министрлигинин Киберинфраструктураны коргоо агенттигинин башчыларын кызматтан алгандан кийин болду.
Баамда, АКШнын чалгындоо агенттиги Каржы министрлиги менен Телекоммуникация министрлигин бутага алган хакерлер ушул сыяктуу курал менен башка мамлекеттик органдарга кирип кетиши мүмкүн деп кооптонушат.
Айрым маалымат булактары кол салуу 14-декабрда түшкө маал АКШнын Телекоммуникация жана чалгындоо улуттук кеңсеси менен Microsoft Office 365 маңдайында болгонун ачык айтышууда.
Бул америкалык телекоммуникация уюмунун кызматкерлеринин электрондук почталары бир нече айдан бери көзөмөлдөнүп келген. Азырынча Microsoft корпорациясынын өкүлү бул билдирүүгө комментарий бере элек.

Комментарий жиберүү