Израиль басылмасы: Бен Салман Тель-Авив менен мамилелерди жөнгө салууга аракет кылат

Сионисттик режимдин маалымат булактары Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасын Тель-Авив менен мамиле түзүү аракети боюнча билдиршти.

Mehr News агенттигинин “Рай Аль-Юумга” шилтеме берип маалымдаганына караганда, Израилдин “Гаарец” басылмасы Тель-Авив менен мамилелерди жөнгө салуу жаатында падыша Салман менен анын уулу Мухаммад бен Салмандын көз караштарындагы айырмачылыктарды жарыялады.

Белгилей кетсек, Падыша Салман Араб дүйнөсүнүн лидери катары Араб дүйнөсүнүн маселелерине артыкчылык берилиши керектигин айтса, ал эми анын мураскор ханзаадасы Мухаммад бен Салман өлкөнүн аймактык кызыкчылыктары биринчи орунда болушу керектигин айткан.
“Бен Салман Сауд Аравиясынын кызыкчылыгына жетүү үчүн Тель-Авив менен мамилелерди жөнгө салууга аракет кылышы керек деп эсептейт жана ал Палестинага маани бербейт”,- деп жазат Гаарец.
Ошондой эле сионисттик булактар Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Жо Байден башында турган АКШнын жаңы администрациясы менен да өз көйгөйлөрүн чечиши керек деп билдирди. Анткени жаңы президент Дональд Трамптан айырмаланып, Бин Салмандын өлкөдөгү сөз эркиндиги боюнча берген куру убадасы менен канааттанган жок.
Эске салсак, Байден мурдагы президенттен айрымаланып, бен Салмандан Сауд Аравиясынын Стамбулдагы консулдугундагы Жамал Хашоггинин өлтүрүлүшү тууралуу түшүндүрүп берүүсүн талап кылууда .

Комментарий жиберүү