Түндүк Кореянын өзөктүк дарамети кандай?

Американын өзөктүк курал өндүргөн Лос-Аламос улуттук лабораториясынын мурдагы директору Зигфрид Хекер Түндүк Кореянын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүнө баа берди.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.
Зигфирд Хекерлинин айтымына караганда, Түндүк Кореяда 25тен 48 килограммга чейин плутоний жана 650дөн 800 килограммга чейин байытылган уран бар. Бул болжол менен 45 өзөктүк курал жасоого жетиштүү. Эксперт Түндүк Кореянын өзөктүк куралы бар ракеталары бүтүндөй Түштүк Кореяга жана Жапониянын көпчүлүк аймагына сокку урушу мүмкүн деп эсептейт. Ошол эле учурда, Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракеталары өндүрүлүп жатат.
Мындан тышкары америкалык эксперт “Башкача айтканда, Түндүк Корея азырынча өзөктүк учтуу континенттер аралык баллистикалык ракета менен АКШга чабуул жасай албайт, бирок иш уланууда”, – деп билдирди.
Зигфрид Хакер 2019-жылы АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда өзөктүк куралсыздандыруу боюнча макулдашууга мүмкүнчүлүк болду деп эсептейт. Анын айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп Ханойдогу Корея Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ын менен болгон жолугушуудан эрте чыгып кеткенде, бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган.
Зигфрид Хакер 1986-1997-жылдары АКШнын жашыруун өзөктүк курал өндүргөн эки мекемесинин бири Лос-Аламос Улуттук Лабораториясын жетектеген.
БУУнун жашыруун отчетуна ылайык, Түндүк Корея өзөктүк курал жасоону улантууда жана айрым өлкөлөр Пхеньян буга чейин миниатюралык өзөктүк аппараттарды курган болушу мүмкүн деп эсептешет.

Комментарий жиберүү