Тажикстанда келиндин атасына мактангандыгы үчүн 5800 сомони айып пул салынды

Тажикстанда мааракелер жана салтанаттар боюнча чектөө мыйзамды бузгандарга 8000 сомониге чейин айып пул салынат.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстандын чыгыш тарабындагы Рашт районунун соту жаңы турмушка чыккан кыздын атасына майрамдарды жана салтанаттарды жөнгө салган мыйзамды бузгандыгы үчүн 5800 сомони айып пул салды.
Рашт районунун 50 жаштагы тургуну, мугалим Рахматулла Факиров кызынын үлпөт көйнөгүн көрүүгө туугандарынан 34 конок чакырып, аларга тамак даярдап бергендиги үчүн 5800 сомни айыпка жыгылган.
Белгилей кетсек, Тажикстанда 13 жылдан бери өлкөдө жалпы жөрөлгөлөрдү белгилөөдө каада-салтты жөнгө салуучу мыйзамга ылайык, мисалы: кыз көрүү, көрүндүк чогултуу, чатыр тигүү, үйлөнгөндөн кийин кызды көрүү, кыздын ата-энесинин үйүндө конок тосуу сыяктуу чогулууларга тыюу салынат.
Тажик өкмөтү 2007-жылы майрамдарда жана салтанаттарда ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн атайын мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык тойлорго жана сөөк коюуга 140тан 200гө чейин гана адам тамак-ашсыз чакырылат жана анын узактыгы 3 сааттан ашпашы керек.
Ушул мыйзамды бузгандарга айып пулдун көлөмү 8000 сомониге чейин жетет. Тажик сотторунун маалыматы боюнча, 2019-жылы 686 адамга мыйзам бузгандыгы үчүн 3 миллион 335 миң сомониден ашык айып пул салынган.

Комментарий жиберүү