Түркия 10 жылдан кийин кайрадан Тель-Авивде элчисин дайындайт

Израилдин ММКлары жакында Анкаранын Тель-Авивдеги элчиси дайындалаарын маалымдашып, эки тараптын расмий өкүлдөрү акыркы жолугушууларда бул маселени талкуулашкандыгын билдиришти.

Mehr News агенттигинин “Палестина Бүгүн” каналына шилтеме берип билдиргенине караганда, сионисттик режимдин медиасы Тель-Авив менен Анкаранын жакындашуусу жакын арада жемиштүү болорун жана түрк өкмөтү өз элчисин Тель-Авивге тааныштырарын жарыялады.
Белгилей кетсек, 10 жыл мурун Түркиянын элчиси Израилден биротоло чыгып кеткен эле.
Буга байланыштуу сионисттик Haaretz гезити жакында Түркия Тель-Авивге жаңы элчи дайындайт деп жарыялады.
Эске салсак, Анкара 2010-жылы сионисттердин түркиялык кемеге жасаган чабуулунан кийин Тель-Авивдеги элчисин чакыртып алган. Соңку кабарлар расмий дипломатиялык мамилелерди орнотуу үчүн түрк чиновниктери менен сионисттик режимдин ортосунда жолугушуулар болгонун баяндады. Маалыматтарда Түркиянын чалгындоо кызматынын башчысы сионисттик расмий адамдар менен жолукканы айтылууда. Сионисттик медиа Хайфа портун башкарууну колго алуу үчүн тендерге түрк компаниясы катышарын жарыялады. Бул тендерге БАЭ дагы катышмакчы.

Комментарий жиберүү