Улуу Британияда коронавирустун жаңы түрү аныкталды

Дүйшөмбү күнү Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министри өлкөсүнүн айрым жерлеринде тез жайылып бараткан коронавирустун жаңы түрү аныкталганын жарыялады.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.
Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок өлкөнүн кеминде 60тай аймагынын жергиликтүү бийликтери коронавирустун жаңы түрүнө негизделген учурларды каттагандыгын билдирди.
Бул боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна маалымат берилген.
Ал акыркы бир нече күндүн ичинде Лондон, Кент, Эссекс жана Хартфордширдин айрым жерлеринде коронавирус жуктуруп алгандардын көбөйгөнү айтылып жатканын, бирок вирустун адаттагыдан дагы катуу ооруну пайда кылгандыгы же эмдөөнүн таасири тийбегендиги жөнүндө далилдер жок экенин баса бегиледи.
Мэтт Хэнкок бул коркунучтуу ооруну ооздуктоо үчүн тезинен иш-аракеттерди көрүү зарылдыгын билдирди.

Комментарий жиберүү