Дүйнөдөгү эң берешен элдердин тизмесинде Ирландия биринчи орунда турат

Ирландия дүйнөдөгү эң берешен элдердин тизмесин жетектеди.

Бул тууралуу Mehr News агенттиги РТ каналына шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, Go Fund порталынын жаңы маалыматтары көрсөткөндөй, 2020-жылы Ирландия эли эң көп кайрымдуулук жардамын жасашкан жана киши башына бөлгөн каражаттар боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлеген.
Берилген маалыматтарга караганда, эң көп кайрымдуулук кылган шаарларга Галловей, Дублин, Лимерик, Корк жана Уотерфорд кирген.
Билдирүүлөргө караганда, бул кайрымдуулук каражаттардын көпчүлүгү коронавируска каршы күрөшүүгө АКШдагы Ноджаве жана Хопи фондусуна жөнөтүлгөн.
Бул фонддорго май айынан бери Ирландия элинен эле 6,5 млн. доллардан ашык жардам алган.
Ал эми Америка Кошмо Штаттары дүйнөдөгү эң кең пейил элдердин катарында экинчи орунда турат.
Пандемия учурунда Америка эли кризистен жапа чеккендерге жардам берүү үчүн 44 миллион доллардан ашык каражат берди.
Улуу Британия, Канада жана Австралия дүйнөдөгү эң берешендерден үчүнчүдөн бешинчи орунга чейин ээлешкен.
Ошондой эле Нидерланды, Италия, Люксембург, Швейцария жана Дания сыяктуу өлкөлөр 5-10-орундарды ээлешти.

Комментарий жиберүү