Жо Байден расмий түрдө АКШнын жаңы президенти болуп шайланды

Шайлоочулар коллегиясы штаттагы добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, Жо Байдендин АКШнын президенти болуп шайлангандыгын тастыктады.

CentralAsia (CA) агенттигинин маалыматына ылайык, 3-ноябрда өткөн АКШнын президенттик шайлоолорунда Байденге 306, Дональд Трампка 232 шайлоочу добуш берди.
Ал эми шайлоодо жеңиш үчүн кеминде 270 добуш топтоо керек болчу.
Жо Байден өз жеңиши тууралуу билдирип, АКШда элдин эрки жеңгенин жарыялады.
“Америкада дагы бир жолу мыйзамдын үстөмдүгү, Конституциябыз жана элдин эрки жеңишке жетишти», – деди ал.
Эске салсак, жаңы президенттин инаугурациясы 20-декабрда өтөт.
Жо Байдендин жеңиши менен алгачкылардан болуп Орусиянын президенти Владимир Путин куттуктады.
Бул тууралуу Кремлдин сайтында маалымдалды.
Путин АКШнын жаңы шайланган президентине чоң ийгиликтерди каалады жана глобалдык коопсуздук жана туруктуулук үчүн өзгөчө жоопкерчиликти алган Орусия менен Америка Кошмо Штаттары азыркы учурда дүйнө жүзү дуушар болуп жаткан көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошо алат деп ишенээрин билдирди.
“Мен өз тарабымдан Сиздер менен өз ара кызматташууга жана байланышка даярмын”, – деп баса белгиледи Орусиянын мамлекет башчысы.

Комментарий жиберүү