Японияда Твиттердик өлтүргүч “өлүм” жазасына кыйылат

Твиттер аркылуу “каалоочуларды” өлүмгө чакырган Такахиро Сираисинин чуулгандуу иши жапондорду таң калтырды.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Япония тогуз адамды Твиттерде байланышкандан кийин өлтүргөн адамды өлүм жазасына тартты.
Белгилей кетсек, “Твиттер киллери” аталган Такахиро Сираиси 2017-жылы анын батиринен адам органдары табылган соң камакка алынган.
Ошол учурда Токионун полициясы анын батирин тинтип, кийинчерээк Сираисинин курмандыктарынын бири болуп чыккан дайынсыз жоголгон аялды табууга аракет кылган.
Бул адам Твиттерди суицидге барууну пландаган адамдар менен байланышуу үчүн колдонгону айтылат.
Ал акыры быйыл октябрда бардык күнөөлөрдү мойнуна алган. Такахиро Сираиси сегиз аялды жана бир эркек кишини өзүнүн квартирасына чакырып, аларды мүчөлөп кескилеп, денелеринин бөлүктөрүн муздаткычта жана шаймандар кутусунда сактагандыгын мойнуна алды.

Эске салсак, ал курман болгондорго алардын өлүмүнө жардам бере алам деп, кээ бир учурларда алар менен кошо өзүн өлтүрөм деп алдап келген. Такахиро Сираисинин жактоочусу анын акталышын талап кылып, ал: “курмандыктары өз каалоолору менен” өлтүргөндүгүн ынандырып келген. Бирок кийинчрээк сот аны толук “күнөөлүү” деген чечим чыгарган.
Милиция кызматкерлери соттолуучунун үйүнөн болжол менен 240 даана сөөк табышкан.

Комментарий жиберүү