Сауд Аравия АКШнын COVID-19га каршы вакцинасын алууда

Сауд Аравия АКШнын COVID-19га каршы вакцинасын алууда

Сауд Аравиясы COVID-19га каршы Pfizer вакцинасынын биринчи партиясын алды. Islam Today маалымат порталы билдиргендей, 1 миң 200 саудиялык тургундар америкалык Pfizer вакцинасы менен эмделет.Белгилей кетсек, Сауд Аравиянын Саламаттыкты сактоо министри Тавфик аль-Рабия жакынкы аралыкта коронавируска каршы массалык эмдөө башталарын билдирди.Анын айтымында, бир эле күндө 100 миңден ашуун адам атайын мобилдик тиркеме аркылуу коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшкөн. Биринчи этапта 65 жаштан жогорку адамдар, инфекцияга алсызыраак тармактардын кызматкерлери, ошондой эле семирүү жана иммундук жетишсиздиги бар адамдар эмдөөдөн өтө…

Прочитайте больше

Имран Хан: Баардык тараптар Ооганстандагы зомбулукту азайтуу үчүн иштеши керек

Имран Хан: Баардык тараптар Ооганстандагы зомбулукту азайтуу үчүн иштеши керек

Пакистандын премьер-министри баардык тараптар Ооганстандагы зомбулукту азайтуу үчүн иштеши керектигин баса белгиледи. Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Пакистандын премьер-министри Ооганстандын президенти менен телефон аркылуу байланышып, баардык тараптар Ооганстанда зомбулукту азайтуу жана ок атышпоо режимин орнотуу үчүн иштеши керектигин баса белгиледи. Белгилей кетсек, Имран Хан Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен телефон аркылуу байланышып, ооган аралык сүйлөшүүлөрдүн учурдагы абалы жана эки өлкө ортосундагы мамилелерди чыңдоо жөнүндө сүйлөштү.Имран Хандын айтымында, Талибандын саясий делегациясы Пакистандын расмий өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн…

Прочитайте больше

Макрон коронавирус жуктуруп алды

Макрон коронавирус жуктуруп алды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон коронавирус жуктуруп алганын Елисей сарайынан маалымдашты. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды. “Республика президентинен бүгүн COVID-19 аныкталды”, – деп айтылат коммюникеде. Маалыматта диагноз биринчи симптомдор башталганда жүргүзүлгөн RTPCR тестинин негизинде коюлгандыгы белгиленди. “Бардыгына тиешелүү болгон учурдагы санитардык эрежелерге ылайык, республиканын президенти 7 күн бою изоляцияда болот. Ал ишин улантат жана өз ишмердүүлүгүн алыстан жүргүзөт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Прочитайте больше

Кытайдын космостук аппараты Айдан Жерге ийгиликтүү кайтып келди

Кытайдын космостук аппараты Айдан Жерге ийгиликтүү кайтып келди

Кытайдын “Chang’e-5” аттуу зонду (космостук аппарат) Ай топурагынын үлгүлөрү менен бүгүн эртең менен Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия аймагында белгиленген жерге ийгиликтүү конду. Бул тууралуу кытайлык маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен “Ir.Spurnik” агенттиги кабарлады. Адистердин айтымында, зонд тарабынан алынып келинген Ай топурагынын үлгүлөрүн изилдөө Ай кыртышынын тарыхын, ал тургай күндүн активдүүлүгүн түшүнүүгө чоң жардам берет. “Chang’e-5” станциясынын жалпы салмагы 8200 килограммды түзөт. Космостук аппарат Кытай аймагынан 24-ноябрда учурулган. Ал Айга жетүү үчүн 112 саат учурулуп, 1-декабрда Айга ийгиликтүү…

Прочитайте больше