Имран Хан: Баардык тараптар Ооганстандагы зомбулукту азайтуу үчүн иштеши керек

Пакистандын премьер-министри баардык тараптар Ооганстандагы зомбулукту азайтуу үчүн иштеши керектигин баса белгиледи.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Пакистандын премьер-министри Ооганстандын президенти менен телефон аркылуу байланышып, баардык тараптар Ооганстанда зомбулукту азайтуу жана ок атышпоо режимин орнотуу үчүн иштеши керектигин баса белгиледи. Белгилей кетсек, Имран Хан Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен телефон аркылуу байланышып, ооган аралык сүйлөшүүлөрдүн учурдагы абалы жана эки өлкө ортосундагы мамилелерди чыңдоо жөнүндө сүйлөштү.
Имран Хандын айтымында, Талибандын саясий делегациясы Пакистандын расмий өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Исламабадга келишкендиктен, Исламабаддын учурдагы аракети ар тараптуу саясий келишимге жетишүүнү камсыз кылууга багытталган.
Эске салсак, мурдараак Пакистандын премьер-министри Твиттердеги баракчасында,Талибандын саясий комиссиясынын жыйыны бирдей шартта өтүп, бардык ооган тараптарын ок атууну токтотууга жана зомбулукту азайтуу боюнча чараларды көрүүгө чакырганын жазган.
Абалга байланыштуу Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши дагы Талибандын саясий лидеринин орун басары Мулла Абдул Гани Барадар баштаган Талибан делегациясы менен жолугушуудан кийин: “Зордук-зомбулукту азайтуу жоопкерчилигин бир гана Талибандын мойнуна жүктөөгө болбойт, бардык тараптар роль ойношу керек”,- деди.
Ал ошондой эле Ооганстандагы зордук-зомбулуктун себептери көп экенин жана “Талибан” бул ирет тынчтыкка умтулганы олуттуу экендигин көрсөттү деди.

Комментарий жиберүү