Кытайдын космостук аппараты Айдан Жерге ийгиликтүү кайтып келди

Кытайдын “Chang’e-5” аттуу зонду (космостук аппарат) Ай топурагынын үлгүлөрү менен бүгүн эртең менен Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия аймагында белгиленген жерге ийгиликтүү конду.

Бул тууралуу кытайлык маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен “Ir.Spurnik” агенттиги кабарлады. Адистердин айтымында, зонд тарабынан алынып келинген Ай топурагынын үлгүлөрүн изилдөө Ай кыртышынын тарыхын, ал тургай күндүн активдүүлүгүн түшүнүүгө чоң жардам берет. “Chang’e-5” станциясынын жалпы салмагы 8200 килограммды түзөт.

Космостук аппарат Кытай аймагынан 24-ноябрда учурулган. Ал Айга жетүү үчүн 112 саат учурулуп, 1-декабрда Айга ийгиликтүү конуу жасаган. Зонд эки күн бою бургулоочу шайманды жана манипуляторду колдонуп топурак чогулкан. Бул акыркы 44 жылда Айдын топурагынын үлгүлөрүн алып келүүгө жиберилген биринчи космос кемеси. Кытай мындай миссияны аткара алган СССР менен АКШдан кийинки үчүнчү өлкө болуп калды.

Комментарий жиберүү