Макрон коронавирус жуктуруп алды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон коронавирус жуктуруп алганын Елисей сарайынан маалымдашты.

Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды. “Республика президентинен бүгүн COVID-19 аныкталды”, – деп айтылат коммюникеде. Маалыматта диагноз биринчи симптомдор башталганда жүргүзүлгөн RTPCR тестинин негизинде коюлгандыгы белгиленди.

“Бардыгына тиешелүү болгон учурдагы санитардык эрежелерге ылайык, республиканын президенти 7 күн бою изоляцияда болот. Ал ишин улантат жана өз ишмердүүлүгүн алыстан жүргүзөт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Комментарий жиберүү