Сауд Аравия АКШнын COVID-19га каршы вакцинасын алууда

Сауд Аравиясы COVID-19га каршы Pfizer вакцинасынын биринчи партиясын алды.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, 1 миң 200 саудиялык тургундар америкалык Pfizer вакцинасы менен эмделет.
Белгилей кетсек, Сауд Аравиянын Саламаттыкты сактоо министри Тавфик аль-Рабия жакынкы аралыкта коронавируска каршы массалык эмдөө башталарын билдирди.
Анын айтымында, бир эле күндө 100 миңден ашуун адам атайын мобилдик тиркеме аркылуу коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшкөн. Биринчи этапта 65 жаштан жогорку адамдар, инфекцияга алсызыраак тармактардын кызматкерлери, ошондой эле семирүү жана иммундук жетишсиздиги бар адамдар эмдөөдөн өтө алышат.
Андан кийин алар 50 жаштан өткөн жарандарга, ошондой эле өнөкөт ооруларга чалдыккандарга эмдөө жүргүзүшөт, ал эми вакцина алуучулардын акыркы тобуна башкалардын бардыгы кирет.
Эске салсак, Сауд Аравиясынын Тамак-аш жана дары-дармек менен камсыз кылуу башкармалыгы өткөн аптада америкалык Pfizer компаниясы жана анын Германиялык өнөктөшү BioNTech тарабынан чыгарылган вакцинанын падышалыгына катталгандыгын жарыялады. Падышачылыктын бийлиги коронавируска каршы эмдөө акысыз болорун баса белгиледи.

Комментарий жиберүү