Иран президенттикке талапкерлерге талаптарды күчөттү

Иран парламенти президенттикке талапкерлерге талаптарды күчөттү.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Иран парламенти президенттик шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүнү жактырды, ага ылайык мамлекет башчынын талапкерлигине болгон талаптар күчөтүлдү. Белгилей кетсек, добуш берүүдө 239 парламент өкүлүнүн 152си “макул”, 56сы “каршы” жана алтоо калыс болду.
Жаңыланган мыйзамга ылайык, Иран президенттигине талапкер сөзсүз түрдө улуту иран болушу керек жана анын мурунку же азыркы учурда башка мамлекетте башка жарандыгы же жашап турууга уруксаты болушу мүмкүн эмес.
Ошол эле учурда Иран парламенти президенттикке талапкерлердин жашын 40 жаштан 70 жашка чейин белгилөө сунушун жактырган жок. Жаңы мыйзам боюнча Иранда туулуп, расмий динди (исламды) тутунган жана 21 жашка толгон өлкөнүн каалаган жараны Ирандын президенттигине талапкер катары каттала алат.
Эске салсак, Иранда кезектеги президенттик шайлоо, 2021-жылдын июнь айына пландаштырылган.

Комментарий жиберүү