Ислам Ыңкылабынын лидери: “Генерал Сулейманинин төгүлгөн каны үчүн сөзсүз өч алынат”

Ислам Ыңкылабынын Руханий лидери: “Генерал-полковник Касем Сулейманини өлтүргөндөр жана аны уюштургандар биздин өч алуудан кутула алышпайт”.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Аятолла Хаменеи Ислам Ыңкылабынын Сакчылар корпусунун Кудс бригадасынын командири Касем Сулейманинин шейит болушунун жылдыгына байланыштуу салтанатты уюштуруу комитетинин мүчөлөрү менен жолугушууда сөз сүйлөдү.
Руханий лидер шейит Сулейманини “Иран элинин жана бүткүл ислам үммөтүнүн баатыры”,- деп атап, бул шейит элдик чөйрөдөн келгендиктен, анын элесин татыктуу урматтоо үчүн Иран эли бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, ошондой эле маданий жана инновациялык аракеттерди жасоо керектигин баса белгиледи.
Ислам Революциясынын Руханий лидери шейит Сулейманинин негизги мүнөздөмөлөрүнүн катарына “кайраттуулук, туруктуулук, акылмандык, тапкычтык, жан аябастык жана альтруизм рухун” келтирип, бул шейиттин өтө руханий жана чын ыкластуу инсан болгонун белгиледи.
Руханий лидер ошондой эле шейит Сулеймани көзү тирүүсүндө жана каза болгондо да дүйнөлүк империализмди жеңүү менен америкалык террорчулар үчүн биринчи олуттуу сокку болгонун айтты.
“Империалисттерге биринчи сокку бул Ирактагы “Айн-Асад” америкалык базасына ракеталык сокку уруу болгон, ал эми кийинки негизги сокку дагы алдыда”,-деди Саид Али Хаменеи.

Комментарий жиберүү