Нигерия “Боко Харам” тарабынан уурдалган 344 баланы куткарды

Нигериянын бийлиги “Боко-Харам” радикал тобу тарабынан уурдалган 344 бала өлкө армиясы тарабынан куткарылганын билдирди.

Бул туурасында Нигериянын Кацина штатынын өкүлү Абдул Лабаран билдиргенин “Fars News” агенттиги кабарлады. 13-декабрда Канкара шаарында “Боко-Харам” радикал тобу мектепке кол салып, жүздөгөн балдарды уурдап кеткен. Алгач террорчулар тарабынан 400 бала уурдалган деп айтылса, кийинчерээк Нигериянын расмий өкүлдөрү алардын саны 600дөн ашарын айтышкан.

“Боко Харам” террордук тобу кечээ,17-декабрда уурдалган ондогон өспүрүм балдарды чагылдырган видео жарыялаган. Нигериянын бийлиги окуучуларды бошотуу операциялары боюнча кошумча маалымат бере элек.

Эске салсак, буга чейин 17 бала куткарылгандыгы маалымдалган. Акыркы он жылда “Боко Харам” террорчулары окуучуларды үч жолу уурдаган. Алар 2014-жылы биринчи жолу 270 окуучу кызды, 2018-жылы 110 кызды уурдап кетишкен. “Боко Харам” 2009-жылы Нигериянын түндүк-чыгышында кандуу козголоңду жана согушту баштап, акырындык менен коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Нигер, Чад жана Камерунга кол салууларын кеңейткен. Бул радикал топ ошондой эле 2015-жылы ИШИМ террордук уюмуна берилгендигин жарыялаган. БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, Нигерияда акыркы он жылда “Боко Харам” радикал тобунун террордук ишмердүүлүгүнүн натыйжасында 30 миңден ашуун адам каза болуп, 3 миллионго жакын адам үй-жайсыз калган.

Комментарий жиберүү