Палестина Индонезиянын сионисттик режим менен мамилелерди жакшыртуудан баш тартуу позициясын жогору баалайт

Палестина автономиясынын башчысы Индонезиянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда анын Палестина ишин колдогон позициясын жогору бааларын билдирди.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Палестина автономиясынын төрагасы Махмуд Аббас Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Палестинадагы акыркы окуяларды талкуулады.
Палестина автономиясынын башчысы Индонезиянын Палестинанын укуктарын колдогон позициясын жогору баалап, палестиналыктар Индонезиянын сионисттик режим менен мамилесин жакшыртууну четке кагып, эки мамлекет чечимдин негизинде тынчтыкка жетүүгө умтулганына ыраазы экенин билдирди.
Палестинанын “Wafa” агенттигинин маалыматына ылайык, ошондой эле, Махмуд Аббас Индонезиянын Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгү аркылуу эл аралык коомчулукта Палестина ишин колдогон позициясын дагы жогору бааларын баса белгиледи.
Индонезиянын Президенти өз кезегинде Палестина маселесине карата өз өлкөсүнүн бекем жана принципиалдуу берилгендигин ырастап: “Палестиналыктар менен израилдиктердин ортосунда туруктуу жана ар тараптуу тынчтык орнотулганга чейин, Жакынкы Чыгыштагы тез өзгөрүүлөргө карабастан, Индонезия Израиль менен мамилелерди жакшыртуу аракетин көрбөйт”, – деди.
Мындан тышкары, Индонезиянын президенти “Индонезия, эң ири ислам өлкөсү катары, тынчтыкка жетишүүнү колдоо боюнча аракеттерин уланта берет жана бул тармакта чоң рол ойнойт”, – деп баса белгиледи.
Эскерте кетсек, Индонезия шейшемби күнү Израилдин айрым маалымат каражаттарынын бул өлкө Израиль менен мамилелерди жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралуу жарыялаган маалыматын четке каккан билдирүү жасаган.

Комментарий жиберүү