Путинге Олимпиада жана Дүйнө чемпионатына катышууга тыюу салынды

Спорт боюнча Жогорку арбитраждык сот Орусия президентинин оюндарга катышуусуна тыюу салган жарлык чыгарды.

«ir.Sputnik News» агенттиги спорт боюнча Жогорку арбитраждык сотунун “CAS” сайтында жарыяланган маалыматка шилтеме берип, сот Орусиянын президенти Владимир Путиндин Олимпиадага жана Дүйнө чемпионатына катышуусуна тыюу салганын билдирди.
Мындан тышкары, тыюу салуу орус өкмөтүнүн бардык мүчөлөрүнө, алардын ичинен министрлер, алардын орун басарларына, премьер-министр жана анын орун басарына, министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, Орусиянын мамлекеттик Думасынын өкүлдөрүнө дагы тиешелүү. Ошондой эле, Орусиянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары Олимпиада оюндарына жана Дүйнөлүк чемпионатка катыша алышпайт.
Бирок, алар оюндар өткөн мамлекеттин президентинен же премьер-министринен чакыруу кагаз алган учурда же Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК), Эл аралык паралимпиадалык комитеттин мүчөсү болсо оюндарга катыша алышат. Бул тыюу спортчуларга жана алардын команда мүчөлөрүнө тиешеси жок.
Ошондой эле, 17-декабрда (бейшемби) CAS спорттук арбитраждык соту орусиялык спортчулар эки жыл бою өз өлкөлөрүнүн желеги астында Эл аралык олимпиада оюндарына катыша албайт деген чечим чыгарган.
Орусиянын Допингге каршы агенттигинин (RUSADA) Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттигине (WADA) каршы козголгон иши ноябрь айында башталды. Орус тарап эл аралык уюм тарабынан киргизилген санкцияларга каршы чыгууда.

Комментарий жиберүү