Тамактан мурун жана кийин дуба кылуу

Тамактан мурун жана кийин дуба кылуу

Суроо: Тамактан мурун дуба кылуу жаизби? Жооп: Ооба, тамактан мурун дагы дуба кылуу жаиз. Бисмиллах айтуу жана жакшылык-береке үчүн дуба кылуу да жеп-ичүүнүн сүннөттөрүнөн. Ибни Аббас хазреттери Расулуллах алейхиссаламдын: “Тамакты баштаганыңарда Аллахумма барик лана фихи ва атимна хайран минху деп айткыла”, – дегенин риваят кылган. Анъам сүрөсүнүн “Аллахтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле!” маанисиндеги 121-аятты Бисмиллахсыз союлган айбандардын өлүмтүк (тарп) боло тургандыгын жана жегенге болбой тургандыгын билдирүүдө. Кээ бир аалымдар “Башка азыктарды жеп жатканда дагы Бисмиллахты айткыла” деген маанинин да бар экенин билдиришкен. Бул…

Прочитайте больше

Түркия Сириядагы жети базасын эвакуациялады

Түркия Сириядагы жети базасын эвакуациялады

Түркия Сириядагы өзүнүн  аскердик жети базасын чыгарып кетти. Бул тууралуу “Mehr” агенттиги жазды. “Reuters” агенттиги маалымат булактарына шилтеме жасап, Түркия Сириянын түрк армиясынын көзөмөлүндө турган аймактарындагы жети базасын эвакуациялаганын маалымдады. Берилген маалыматтарга караганда, түрк аскерлери Сириядагы базалардан чыккан соң, Анкара колдогон согушкерлердин көзөмөлүндөгү аймактарга жайгаштырылган. Эске салсак, Түркия 2018-жылы Сириянын айрым жерлеринде ондогон базаларды жана күзөт постторун жайгаштырган. Анкара азырынча Сириядагы базалардын эвакуацияланышы боюнча билдирүү жасай элек.

Прочитайте больше

Ирандык генерал: Шейит Сулейманинин өлтүрүлүшү менен душманды аймактан чыгарууга жол ачылды

Ирандык генерал: Шейит Сулейманинин өлтүрүлүшү менен душманды аймактан чыгарууга жол ачылды

“Генерал Сулейманинин шейит болушу Ислам дүйнөсүнүн Иран менен алакасын үзгүлтүккө учураткан жок”,-деди ирандык генерал-майор Салами. “Iran Press” агенттигинин маалыматына ылайык, Ислам Революциясынын Сакчылар корпусунун Башкы командачысы генерал-майор Салами Ирандын Мазандаран провинциясында өткөн шейит Сулейманиге арналган конференцияда сөз сүйлөдү. “Душмандар өлкөнү көз каранды кылып, бизди өз каалагандарын аткартууну көздөшөт. Иранды гана эмес, бүтүндөй Ислам чөлкөмүн көзөмөлдөө үчүн, элге кысым көрсөтүп, бизди өнүгүүдөн жана жетишкендиктерибизден баш тартууга мажбур кылууда”,-деди өз сөзүндө генерал Салами. Сакчылар корпусунун Башкы командачысы белгилегендей,…

Прочитайте больше