Ирандык генерал: Шейит Сулейманинин өлтүрүлүшү менен душманды аймактан чыгарууга жол ачылды

“Генерал Сулейманинин шейит болушу Ислам дүйнөсүнүн Иран менен алакасын үзгүлтүккө учураткан жок”,-деди ирандык генерал-майор Салами.

“Iran Press” агенттигинин маалыматына ылайык, Ислам Революциясынын Сакчылар корпусунун Башкы командачысы генерал-майор Салами Ирандын Мазандаран провинциясында өткөн шейит Сулейманиге арналган конференцияда сөз сүйлөдү.

“Душмандар өлкөнү көз каранды кылып, бизди өз каалагандарын аткартууну көздөшөт. Иранды гана эмес, бүтүндөй Ислам чөлкөмүн көзөмөлдөө үчүн, элге кысым көрсөтүп, бизди өнүгүүдөн жана жетишкендиктерибизден баш тартууга мажбур кылууда”,-деди өз сөзүндө генерал Салами.

Сакчылар корпусунун Башкы командачысы белгилегендей, АКШнын максималдуу кысымы Иран элин илим, билим жана өнүгүү жолунан алыстата албагандай эле, илимпоздордун өлтүрүлүшү дагы өлкөнүн коргонуу кубатын жана илимий прогрессин улантууга тоскоол боло албайт.

Генерал Салами бүгүнкү күндө душмандарды жеңүү үчүн бардык шаймандар Ислам Республикасынын колунда экенин жана Ирандын күч-кубаты уникалдуу жана кол жеткис экендигин айтты.

Ислам Революциясынын Сакчылар корпусунун Башкы командачысы генерал Сулейманинин шейит болгондугуна токтолуп, душмандар анын шейит болушу менен Ислам дүйнөсүнүн бардык жолдору биз үчүн жабылат деп ойлошконун айтты.

“Бирок Сулейманинин шейит болушу Ислам дүйнөсүнүн жолдорун жаппастан, кайра бизге аймактагы душмандарды кууп, жок кылуунун жолдору ачты”,-деди ал.

Комментарий жиберүү