Түркия Сириядагы жети базасын эвакуациялады

Түркия Сириядагы өзүнүн  аскердик жети базасын чыгарып кетти.

Бул тууралуу “Mehr” агенттиги жазды. “Reuters” агенттиги маалымат булактарына шилтеме жасап, Түркия Сириянын түрк армиясынын көзөмөлүндө турган аймактарындагы жети базасын эвакуациялаганын маалымдады.

Берилген маалыматтарга караганда, түрк аскерлери Сириядагы базалардан чыккан соң, Анкара колдогон согушкерлердин көзөмөлүндөгү аймактарга жайгаштырылган.

Эске салсак, Түркия 2018-жылы Сириянын айрым жерлеринде ондогон базаларды жана күзөт постторун жайгаштырган. Анкара азырынча Сириядагы базалардын эвакуацияланышы боюнча билдирүү жасай элек.

Комментарий жиберүү