Ооруган кишиге окулчу дубалар

Ооруган кишиге окулчу дубалар

Оорулуу кишини зыяратта Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) окуган дубалары хадис китептеринде жазылган. Алар мына булар; «Асалуллахэл-азыим. Раббел-аршил-азыим ан йашфийака» (Арш-и Азимдин Рабби болгон Аллаху Азимушшандан сага шыпаларды ихсан кылуусун тилеймин.) Үй-бүлө мүчөлөрүнөн бири ооруп калган учурда Пайгамбарыбыз мубарек колдорун оорулуунун чекесине коюп мындай деп дуба кылган учурлары болор эле: «Аллахумма Раббана. Азхибил-баса, шифаэн ла йугадиру сакамен.» (Аллахым, сен бүткүл адамдардын Раббисиң… Бул оорлуунун ыздырабын кетире көр жана шыпаа бере көр. Шыпааны берген бир гана Сенсиң. Сенден…

Прочитайте больше

Дүйнөнүн үч өлкөсүндө коронавирустун жаңы түрү пайда болду

Дүйнөнүн үч өлкөсүндө коронавирустун жаңы түрү пайда болду

Нидерландынын өкмөтү жакын арада ЕБке мүчө мамлекеттер менен коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышы боюнча иликтөө иштерин баштарын билдирди. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму буга чейин Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы түрү Нидерланды, Дания жана Австралияда дагы пайда болгонун жарыялаган. Эксперттер коронавирустун жаңы түрү буга чейин белгилүү болгон вируска караганда ылдамыраак жайылып баратканын, бирок, анын коркунучу чоң деп айтуу азырынча мүмкүн эместигин билдиришүүдө. Мындан тышкары, вирустун мутациясы вакцинага ар башкача реакция жасай турганы боюнча…

Прочитайте больше

Ош шаарында Иран өлкөсү тарабынан курулган спорт комплекси пайдаланууга берилди

Ош шаарында Иран өлкөсү тарабынан курулган спорт комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн, 21-декабрда Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда Иран Ислам Республикасы гранттык негизде курган жаңы спорт комплекстин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, спортчулар жана жергиликтүү тургундар катышты. Мэр Сарыбашов шаардыктарды жаңы спорткомплекстин ачылышы менен куттуктап, Ирандын элчисине ыраазычылык билдирди. ““Кыргызстан-Иран” достук спорт комплекси бир гана биздин келечектеги чемпиондорду даярдоо эмес,…

Прочитайте больше

Орусиянын коронавируска каршы вакцинасы Казакстанда өндүрүлө баштады

Орусиянын коронавируска каршы вакцинасы Казакстанда өндүрүлө баштады

Казакстандагы фармацевтикалык комплекси өлкөнүн өкмөт башчысынын катышуусунда коронавируска каршы Орусияда жасалган вакцинаны өндүрүү процессин баштады. Бул тууралуу “Shafaqnа” агенттиги жазды.Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы бүгүн, дүйшөмбү күнү эртең менен өлкөнүн өкмөт башчысы Аскар Мамин Орусиянын “COVID-19” илдетине каршы “Sputnik V” вакцинасын өндүрүп баштаган “Караганда” фармацевтикалык комплексине барганын маалымдады.Казак өкмөтү Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын 2 миллион дозада бир нече этапта өндүрүүнү пландап жатканын жана өз өлкөсүндө өндүрүлгөн “Sputnik V” вакцинасы менен жалпы улуттук эмдөө процесси келерки жылдын февраль…

Прочитайте больше

КМШ аймагында террордук уюмдардын бирдиктүү тизмеси пайда болушу мүмкүн

КМШ аймагында террордук уюмдардын бирдиктүү тизмеси пайда болушу мүмкүн

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон КМШ өлкөлөрү үчүн террордук топтордун бирдиктүү тизмесин түзүүнү сунуштады. “Islam Today” маалымат порталы билдиргендей, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон КМШ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, шериктештикке мүчө мамлекеттердин аймагында тыюу салынган террордук уюмдардын бирдиктүү тизмесин түзүүнү сунуш кылды.  “Мен КМШнын ичинде КМШга мүчө мамлекеттердин аймагында тыюу салынган террордук  жана экстремисттик уюмдардын бирдиктүү тизмесин түзүүнү шашылыш деп эсептейм”, – деди ал. Белгилей кетсек, Рахмон мындай тизмени түзүү ишин КМШнын антитеррордук борборуна адистештирилген кеңештер…

Прочитайте больше

Француздардын 60%ы Макрондун өкмөтүнө нааразы

Француздардын 60%ы Макрондун өкмөтүнө нааразы

Франциянын сурамжылоо институтунун статистикасы көрсөткөндөй, француздардын 60 пайызга жакыны президент Эммануэль Макрондун ишине нааразы. Iran Press агенттиги билдиргендей, Франциянын коомдук пикир институту (IFOP) онлайн жүргүзгөн акыркы сурамжылоонун жыйынтыгы, француздардын 59%ы премьер-министр Жан Кастекcтин ишине нааразы экендигин көрсөттү.Сурамжылоого ылайык, Макрондун популярдуулугу декабрь айында дагы 3 пайызга түшүп, 38 пайызга төмөндөгөн.Франциянын премьер-министри Кастекстин популярдуулугу да мурунку айга салыштырмалуу 2% га төмөндөп, 38%га түшкөн.Белгилей кетсек, француздар өз өлкөсүнүн жогорку кызмат адамдарына болгон ишенимдери төмөндөп, ноябрда жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, француздардын…

Прочитайте больше