Дүйнөнүн үч өлкөсүндө коронавирустун жаңы түрү пайда болду

Нидерландынын өкмөтү жакын арада ЕБке мүчө мамлекеттер менен коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышы боюнча иликтөө иштерин баштарын билдирди.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму буга чейин Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы түрү Нидерланды, Дания жана Австралияда дагы пайда болгонун жарыялаган.

Эксперттер коронавирустун жаңы түрү буга чейин белгилүү болгон вируска караганда ылдамыраак жайылып баратканын, бирок, анын коркунучу чоң деп айтуу азырынча мүмкүн эместигин билдиришүүдө.

Мындан тышкары, вирустун мутациясы вакцинага ар башкача реакция жасай турганы боюнча далилдер жок. Нидерландынын өкмөтү жакынкы күндөрү коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышын карап чыгуу үчүн ЕБке мүчө башка мамлекеттер менен иштеше баштаарын билдирди. Ошондой эле бул өлкө 1-январга чейин Улуу Британияга аба каттамдарын жапты.

Декабрдын башында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Улуу Британияда табылган SARS COVID-2 вирусунда жаңы мутация коркунучу бар экендигин аныктаган.

14-декабрда Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэттью Хэнкок өлкөдө коронавирустун жаңы SARS COVID-2 деген түрү табылганын, ал баштапкы формасынан тезирээк жайылып жаткандыгын жарыялаган. Анын айтымына караганда, коронавирустун бул түрү адамдан адамга оңой жугат.

Комментарий жиберүү