КМШ аймагында террордук уюмдардын бирдиктүү тизмеси пайда болушу мүмкүн

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон КМШ өлкөлөрү үчүн террордук топтордун бирдиктүү тизмесин түзүүнү сунуштады.

“Islam Today” маалымат порталы билдиргендей, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон КМШ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, шериктештикке мүчө мамлекеттердин аймагында тыюу салынган террордук уюмдардын бирдиктүү тизмесин түзүүнү сунуш кылды.

 “Мен КМШнын ичинде КМШга мүчө мамлекеттердин аймагында тыюу салынган террордук  жана экстремисттик уюмдардын бирдиктүү тизмесин түзүүнү шашылыш деп эсептейм”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Рахмон мындай тизмени түзүү ишин КМШнын антитеррордук борборуна адистештирилген кеңештер менен биргеликте тапшырууну сунуш кылды. Анын айтымында коопсуздук көйгөйү бүткүл дүйнө жүзүндө дагы, Шериктештикте дагы актуалдуу бойдон кала берет.

“Экспансия тенденциясы – бул террорчулук, экстремизм, радикализмдин ар кандай формалары жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, анын ичинде баңги заттарынын жүгүртүлүшү жана киберкылмыштуулук”, – деп кошумчалады Тажикстандын Президенти.

Комментарий жиберүү