Орусиянын коронавируска каршы вакцинасы Казакстанда өндүрүлө баштады

Казакстандагы фармацевтикалык комплекси өлкөнүн өкмөт башчысынын катышуусунда коронавируска каршы Орусияда жасалган вакцинаны өндүрүү процессин баштады.

Бул тууралуу “Shafaqnа” агенттиги жазды.
Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы бүгүн, дүйшөмбү күнү эртең менен өлкөнүн өкмөт башчысы Аскар Мамин Орусиянын “COVID-19” илдетине каршы “Sputnik V” вакцинасын өндүрүп баштаган “Караганда” фармацевтикалык комплексине барганын маалымдады.
Казак өкмөтү Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын 2 миллион дозада бир нече этапта өндүрүүнү пландап жатканын жана өз өлкөсүндө өндүрүлгөн “Sputnik V” вакцинасы менен жалпы улуттук эмдөө процесси келерки жылдын февраль айында башталарын билдирди.
Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен орусиялык кесиптеши Владимир Путиндин ортосунда жетишилген келишимдерге ылайык, “Караганда” фармацевтикалык комплекси коронавируска каршы “Sputnik V” вакцинасын өндүрүү жараянын баштады. Ошондой эле, Казакстан Орусия менен биргеликте вакцинаны экспортко чыгаруу ишин дагы баштайт.

Комментарий жиберүү