Француздардын 60%ы Макрондун өкмөтүнө нааразы

Франциянын сурамжылоо институтунун статистикасы көрсөткөндөй, француздардын 60 пайызга жакыны президент Эммануэль Макрондун ишине нааразы.

Iran Press агенттиги билдиргендей, Франциянын коомдук пикир институту (IFOP) онлайн жүргүзгөн акыркы сурамжылоонун жыйынтыгы, француздардын 59%ы премьер-министр Жан Кастекcтин ишине нааразы экендигин көрсөттү.
Сурамжылоого ылайык, Макрондун популярдуулугу декабрь айында дагы 3 пайызга түшүп, 38 пайызга төмөндөгөн.
Франциянын премьер-министри Кастекстин популярдуулугу да мурунку айга салыштырмалуу 2% га төмөндөп, 38%га түшкөн.
Белгилей кетсек, француздар өз өлкөсүнүн жогорку кызмат адамдарына болгон ишенимдери төмөндөп, ноябрда жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, француздардын 70 пайызы Макрондун өкмөтү коронавирус эпидемиясына каршы толук кандуу күрөшүп жатканына ишенбейт.
Дүйнөлүк статистикага ылайык, Францияда Ковид-19 вирусун 2,4 миллиондон ашык адам жуктуруп, алардын 59 миңден ашууну каза болгон.

Комментарий жиберүү