ДССУ: Улуу Британиядан чыккан коронавирус жугуштуурак, бирок өлүмгө алып келбейт

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү пресс-конференция өткөрүп, биринчи жолу Улуу Британияда табылган коронавирустун мутацияланган вариантынын өзгөчөлүктөрүн талкуулашты.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, дүйшөмбү күнү кечинде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Швейцариянын Женева шаарында өткөн пресс-конференцияда Улуу Британиядагы мутацияланган коронавирустун мүнөздөмөлөрү жөнүндө айтып, вирустун жаңы түрү жугуштуу экендигин, бирок анын өлүмгө алып келээрин тастыктаган далилдер жок экендигин баса белгиледи.
ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом вирустун жаны түрлөрүнүн өтүшүнө жол бербөө өтө маанилүү экенин, анткени канчалык жаңы вирустар жайылса, мутацияга жол ачыларын айтты.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун дагы бир кызматкери Мария ван Керкхове Улуу Британиянын изилдөөчүлөрү вирустун жаңы түрүнүн таралуу ылдамдыгын изилдеп жатышканын жана алардын айтымында, вирус тез жугарын билдирди.
“Изилдөөчүлөр бул вирус COVID-19дун оор белгилерин пайда кылабы же андан дагы көп өлүм болушуна алып келеби же жокпу? деген дагы бир маселени карап жатышат”, – деди Керкхове.
Бирок, анын айтымына караганда, азырынча буларды тастыктаган эч кандай далил табыла элек.
Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок өткөн аптанын дүйшөмбү күнү бул өлкөдө коронавирустун жаңы түрү табылганын жарыялаган. Анын айтымында, Улуу Британияда кеминде 60 аймагынын жергиликтүү бийликтери коронавирустун жаңы түрү катталганын билдиришкен.
Жекшембиден бери бир катар өлкөлөр Улуу Британияга аба каттамдарын токтотту. Италия, Германия, Кувейт, Голландия, Бельгия, Испания жана Иран Улуу Британияга аба каттамдарын токтотушканын жарыялашты.

Комментарий жиберүү