Европанын адам укуктары боюнча соту Азирети Пайгамбарды (С.А.В) кемсинтүү мыйзамга каршы келээрин жарыялады

Европанын Жогорку Соту “Ислам пайгамбарын (САВ) кемсинтүү жана айыптоо” сөз эркиндигинин мисалы эмес, бул аракет мыйзамсыз деп айыптады.

“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Адам укуктары боюнча Европа соту (ECHR же CEDH) Ислам пайгамбарын (САВ) кемсинтүүнү мыйзамсыз иш-аракеттердин ачык-айкын мисалы катары карады. Белгилей кетсек, Австриянын бир жараны Ислам пайгамбарына (с.а.в) акарат келтирүүгө каршы өз өлкөсүндөгү сотко арыздануусунан кийин, Австрия соту “Ислам пайгамбарына акарат келтирүү жана айыптоо” мыйзамга каршы – деген өкүм чыгарган. Ал эми Европанын Жогорку Соту да Австрия сотунун бул чечимин тастыктаган.

Жогорку даражалуу жети казыдан турган Европа Соту Ислам пайгамбарын (С.А.В) кемсинтүү коомдо терс пикирлерди жаратат жана диний тынчтыкка коркунуч келтирет деп билдирген.

Европанын бул чечими француз өкмөтүнүн акыркы исламофобиялык аракеттерине карама-каршы болду.
Албетте, Адам укуктары боюнча Европа сотунун акыркы чечими Франциянын светтик чөйрөлөрүндө чагылдырылып, чечимге каршы чыккан адамдар да болбой коюшкан жок.

Көпчүлүк француз интеллектуалдары сөз эркиндигинин принциптерин коргоонун шылтоосу менен, Франция президентинин пайгамбарыбыздын карикатурасын колдогон билдирүүлөрүн айыптоо светтик көз карашка кол салуу болуп саналат деп, аны кескин сынга алышууда.

Комментарий жиберүү