Кыргыз-Иран кызматташтыгы күчөйт

Иран Ислам Республикасы тоок этин өндүрүү менен алдыңкы өндүрүүчү жети өлкөлөрдүн бирине кирет.

Кыргызстан тоок эти жана жумуртканын экспортун жогорулатууда жогорку мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу үчүн аталган мамлекет менен тажрыйба алмашууга ниеттери бар. Анткени, эттин кымбаттаганына байланыштуу ушул көйгөйдөн чыгып кетүүгө жолдор ачылат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен болгон жолугушууда сөз кылышты.

Анда Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштар тууралуу да маселелер козголду. Мисалы: медициналык беткаптарды чыгарууда керектүү материалдарды колдонууга шарт түзүп, бул багытта Кыргызстанга заводдорду курууга жардам берүүгө кызыкдар экени айтылды.

Өз кезегинде элчи мырза, бул жолугушуу – тарыхый мааниге ээ экенине токтолду. Анткени туптуура 29 жыл мурун ушул күнү 21-декабрда Иран мамлекети Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн таанып, эки тараптуу алакалар башталган. “Ошол тарыхый күнү Ош шаарына келип турганым жагымдуу болду”,-деди элчи Саид Харази.

Ал эми Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов Иран мамлекети менен алакаларды жакшыртуу маанилүү экендигин белгиледи. “Ош облусунун аймагында медициналык жабдыктар, бет кап чыгаруучу ишкананын, суусундук куюучу желим идиштердин грануласы сыяктуу негизги сырьелорду дал ушул Ирандан алууну болжоп, ири долбоор баштап жатабыз, буюрса муну иш жүзүнө ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар”-, деди ал.

Өз кезегинде Иран тараптан келген ишкер мындай ишканаларды ачууга кызыкдар экендигин, өзү жашаган Альберес провинциясы өндүрүш менен атагы чыккан аймак экендигин белгилеп, ишкерлер менен бул долбоордун үстүндө иштөө үчүн бир катар ишкерлер менен келе тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, аталган провинцияда 3500 ишкана иштейт.

Комментарий жиберүү